ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Вьетнам менен Испания экономикалык жана коргонуу байланыштарын бекемдөө убадасын берди
АКШнын тарифтерин алдына алууга аракет кылган Вьетнам менен Испания экономикалык жана коргоо кызматташуусун күчөтүү убадасын берди ; эркин соода жана көп тараптуулукту колдогондорун баса белгиледи.
Вьетнам менен Испания экономикалык жана коргонуу байланыштарын бекемдөө убадасын берди
/ AFP

Трамп башкаруусу тарабынан ишке ашырылган өз ара тарифтердин таасирин сезген Испания жана Вьетнам АКШга кире турган Вьетнам товарларына жасала турган 46 пайыз жана Европа Биримдигинин продукцияларына киргизе турган 25 пайыздык тарифтерге каршы дипломатиялык аракеттерин күчөттү.

Вьетнамдын премьер-министри Фам Мин Чинь Испаниянын премьер-министри Педро Санчестин Ханойго визити учурунда жасаган билдирүүсүндө Вьетнамдын Испания менен болгон карым - катнаштарды кыска убакытта "көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн» деңгээлине чыгарууну каалагандыгын белгиледи.

“Учурдагы глобалдык абалга көңүл бурулганда кыйынчылыктар жана кризистер канчалык күч алса ошончолук көп кызматташуу түзүү керек жана көп тараптуулукту баса белгилегибиз келет”,- деген Чинь биргелешкен пресс жыйынында эл аралык тилектештикке чакырык салды.

Санчес Испаниянын экономикалык ачыктыкка ишенгендигин жана соода согуштарына каршы экендигин айтып : “Испания эрежелерге негизделген эл аралык тартипти, эркин соода жана экономикалык ачыктыкты колдоп жатат. Соода согуштарынын эч кимге пайдасы жок, баарына зыян алып келет”,- деди.

Санчес Испаниянын Вьетнамда өзгөчө темир жол инфраструктурасы тармагында кеңейтүүнү каалай тургандыгын баса белгиледи. Өлкөсүнүн жогорку ылдамдыктагы поезд долбоорлорундагы тажрыйбаларын Вьетнам менен бөлүшө аларын айтты.

Вьетнам начар болгон темир жол системасына инвестицияларды көбөйтүүгө аракет кылууда. Бул алкакта борбор шаар Ханой менен Хо Ши Мин шаарын бириктирген 1541 километрдик жогорку ылдамдыктагы поезд линиясы жана Кытайга байланыштырган темир жол долбоорлору күн тартибинде.

Иликте
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Украина Орусиянын чабуулдарына каршы бир нече жумадан бери Patriot ракеталарын колдоно албай жатат
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"
Ирак Эрбилдеги кол салуулардан кийин Ирандан так расмий позицияны талап кылды
Криштиану Роналду пенсияга чыгабы?
UKMTO: "Ормуз кысыгында бир кеме соккуга кабылды"
Израиль Сириянын Идлиб облусундагы Абу Зухур аскердик аэродромуна сокку урду
Трамп Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө "биринчи максат" экенин айтты
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди