САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Украинанын өнөктөштөрү Орусияга 30 күндүк ок атышпоо боюнча талап коюшат
Ультиматум Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Франциянын, Германиянын, Улуу Британиянын жана Польшанын лидерлери катышкан биргелешкен маалымат жыйынында айтылды.
00:00
Украинанын өнөктөштөрү Орусияга 30 күндүк ок атышпоо боюнча талап коюшат
Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Украинанын президенти Володмир Зеленский, Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Польшанын премьер-министри Дональд Туск Киевдеги Мариинский сарайынын айланасында сейилдеп жүрүшөт, Украина, 10-май, 2025-жыл. / Reuters
11 Май 2025

Киевдин өнөктөштөрү Орусияны дүйшөмбүдөн тарта Украинада эч кандай шартсыз 30 күндүк ок атышпоо келишимин кабыл алууга үндөп, Москва бул талапты кабыл албаса макулдашылган санкциялар менен коркутушту.

Ультиматум ишемби күнү Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Франциянын, Германиянын, Улуу Британиянын жана Польшанын лидерлери катышкан биргелешкен маалымат жыйынында айтылды.

Алар, бул сунуш Америка Кошмо Штаттар менен катар союздаштарды бириктирди дешти.

Бул теңдешсиз визит Европанын төрт өлкөсүнүн лидерлеринин Украинага биринчи жолу биргелешкен сапары болду.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон: «Биз жаңы эле... келерки дүйшөмбүдө баштала турган ок атышууну токтотууну эч кандай алдын ала шартсыз колдоо чечимин кабыл алдык»,-деди.

Украинаны колдогон “каалоочулар коалициясына” кирген 20дай өлкө Макрон, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Улуу Британиянын премьер-министри Кейр Стармер, Польшанын премьер-министри Дональд Туск жана Зеленский менен видеоконференция өткөрүштү.

Макрон: «Эгер бул ок атышпоо бузулса, европалыктар менен америкалыктардын ортосунда ири санкциялар даярдалып,координацияланат деп макулдаштык», - деди.

 АКШ менен Украина дагы бир нече жумадан бери ушундай эле сунушту көтөрүп келатышат, бирок Орусия аны кабыл алган жок.

«Абсолюттук биримдик»

Вашингтон согушту токтотууда жылыш болбогондуктан сүйлөшүүлөрдөн чыгабыз деп коркутту. АКШнын президенти Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда согушту тез арада бүтүрө аларын айткан.

Киев жана Батыш өнөктөштөрү Трамп Зеленский менен каяша айтышып кеткендиктен Москванын позициясына ооп баратат деп кооптонушса, Ак үй акыркы убакта Путиндин кылгандарына чыдабай турганын күчтүү көрсөттү.

Стармер: «Бүгүн биз дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Америка Кошмо Штаттары, эч кандай шартсыз 30 күндүк ок атышпоо болушу керек деп биригип турган учурга келдик»,-деди.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сыбиха жолугушуудан кийин журналисттерге: «Киевдеги беш лидер жолугушуунун жыйынтыгын бекемдөө боюнча Трамп менен «жемиштүү» жолугушуу өткөрүштү», - деди.

Туск: «Узак убакыттан бери биринчи жолу биз бүткүл эркин дүйнө чындап бириккенин сездик»,-деди.

«Бизди жана Путинди чыныгы сыноо күтүп турганын билебиз, Орусиянын реакциясын күтөбүз»,-деди ал.

Еврокомиссиянын төраймй Урсула фон дер Ляйен да ок атышууну токтотууну колдоорун билдирип: «Маңыздуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жол ачуу үчүн алдын ала шарттарсыз ишке ашырылышы керек»,-деди.

«Тынчтык орнотуу үчүн»

Макрон ок атышпоо «негизинен АКШ тарабынан көзөмөлдөнөрүн жана ага бардык европалыктардын салымын кошоорун» айтты жана ал «тараптар менен дароо иштешип, сүйлөшүүлөрдү баштоого» жол ачарын кошумчалады.

Француз лидери 2022-жылдын июнь айынан бери ошол кездеги италиялык жана немис лидерлери менен Киевде бирге болгон.

Кийинчерээк европалык лидерлер Зеленскийди кучактап, Киевдин борборундагы согушта курман болгон жоокерлердин мемориалына чырактарды коюп жатышканы көрүнгөн.

Ушул аптада кызматка киришкен Мерц үчүн бул анын Украинага канцлер катары биринчи сапары болду.

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада Экинчи Дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадда шериктештери менен каршылык көрсөткөндөн бир күн өткөндөн кийин Европанын символикалык биримдик көрсөтүүсү болду.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ишемби күнү америкалык ABC телеканалына берген маегинде Украинанын союздаштарынан курал-жарак ташууну токтотуу керек, болбосо Орусия ок атышпоону кабыл албайт деп билдирди.

 «Орус аскерлери фронтто ишенимдүү илгерилеп жаткан учурда» ок атышпоо Украина үчүн «артыкчылык» болот, - деди Песков жана Украина «дароо сүйлөшүүлөргө даяр эмес» деп кошумчалады.

Кремль ишемби күнү Европанын Орусияга каршы «конфронтациячыл» позициясын айыптады - бирок Киевдин өнөктөштөрүнүн Украинада 30 күндүк ок атышпоо сунушуна түз жооп берген жок.

Путин бейшембиден ишембиге чейин бир тараптуу үч күндүк ок атууну токтотууга буйрук берди. Бирок чыгышта аракеттенген украиналык аскер бригадасы Франс Пресске мурдараак, салгылашуулардын ургаалдуулугу «аздыр-көптүр мурдагыдай» эле экенин айтышкан.

ТийиштүүTRT Global - US-Ukraine minerals deal: A new edge for Trump over Putin?

Иликте
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду
Азияда болгон жаан-чачындан кийин жардам жана куткаруу иштери улантылууда
Сурамжылоого караганда, европалыктардын дээрлик жарымы Трампты "Европа үчүн коркунуч" катары көрүшөт
Нетаньяху  аскердик катчысы Роман Гоффманды Моссаддын директорлугуна дайындады
Азербайжан: Британия менен коргонуу тармагындагы мамилелерде "жаңы барак ачылды"
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмостук экспорту рекорддук көрсөткүчкө жетти
Орусия Евробиримдиктин активдерди тартып алуусу "согушка алып келерин" эскертти
Кытай Израилдин кол салууларына көңүл буруп, Газадагы ок атышпоону толук аткарууга чакырды
Путин Индияда: коргонуу, энергетика жана стратегиялык байланыштар алдыңкы планга чыкты