ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Оскар сыйлыгынын ээси палестиналык режиссер отурукташуучулардын кол салуусуна учурап камакка алынды
Израиль күчтөрү тарабынан бошотулгандан кийин сөз сүйлөгөн Хамдан Баллал тааныган бир отурукташуучунун өзүнө жана үйүнө көп жолу кол салгандыгын, акыркы жолу дүйшөмбү күнү жасалган кол салуунун бул окуялардын уландысы экендигин айтты.
Оскар сыйлыгынын ээси палестиналык режиссер отурукташуучулардын кол салуусуна учурап камакка алынды
/ AP

Оскар сыйлыгын алган "Башка жер жок" аттуу даректүү тасмасынын режиссеру Хамдан Баллал бошотулгандан кийин израилдик мыйзамсыз отурукташкан тургундар тарабынан кармалып, кыйноого жана зомбулукка кабылгандыгын айтты.

Шейшемби күнү Рейтер маалымат агенттигине маек берген Баллал түнү коңшусунун үйүнө кол салган отурукташуучуларды тартып алгандан кийин өзү үйүнүн бутага алынбашы үчүн тышта күтүп тургандыгын айтты.

"Мен жөн гана тышта күтүп тургам, эгерде кандайдыр бир отурукташуучу же аскерлер үйүмө кол сала турган болсо токтотоюн деп жаткам" - деди.

Баллал жерге түртүлгөндүгүн, аскерлердин ага карап кыйкырып, туруусун айтып, курал кезегендигин айтты жана :“Бул акылга сыйбаган нерсе, үй - бүлөңүз, балдарыңыз үйдүн ичинде жана аларды коргошуңуз керек”,- деди.

Бир отурукташуучунун кол салууда “футбол тобу” сыяктуу башына тепкендигин айтты.

Бул окуядан мурда дүйшөмбү күнү Ал Халилге жакын жердеги Сусия айылына бир топ отурукташуучу ооз ачуу программасында жолугушкан кишилерге кол салган.

Бул окуя Батыш Шериадагы палестиналык же Бедеви айылдарына карата израилдик отурукташуучулар тарабынан жүргүзүлгөн рейддердин акыркы мисалы болду. Активисттер жана палестиналыктар полиция жана армиянын жалпысынан бул кол салууларга кийлигишпегендигин белгилешти.

“Бутага алынды”

"Башка Жер Жок" тасмасы палестин коомчулугунун Израиль тарабынан көчүрүлүшү тууралуу тасма болуп, палестиналык жана израилдик режиссерлор тарабынан биргелешип тартылган. Бул тасма быйылкы Оскар сыйлыктарында "Эң мыкты даректүү тасма" наамын жеңип алган.

Баллал кол салууга катышкан отурукташуучулардын бирин жакшы тааный тургандыгын айтты.

"Бул биринчи жолу болгон жок" - деди ал. "Ал менин үйүмө көп жолу кол салды жана короомо малын жайды".

Баллал еврей тилин билбегендигин бирок кол салуу учурунда отурукташуучулардын атын жана “Оскар” деген сөздөрдү айткандарын билдирди.

“Бутага алынганымды түшүндүм. Оскар дегенде эле түшүнсөңүз болот. Атыңызды айтканда билсеңиз болот”,- деди ал.

Израиль армиясы Баллалдын аскерлер тарабынан ур-токмокко алынганы тууралуу билдирүүлөргө дароо жооп кайтарган жок. Баллал кол салуучу деген жана буга чейин да коркуткан Шем Тов Луски болсо өзүнүн жана аскерлердин Баллалды сабагандыгын четке какты.

Тасманын башка режиссерлорунун бири Басел Адра отурукташуучулардын армияны Баллалдын үйүнө алып барылышын тасмадагы Масафер Ятта аймагынын чагылдырылышына жооп катары карагандыгын белгиледи.

"Анткени жанында камерасын алып жүрөт жана болуп жаткан окуяларды тартып жатканда бутага алынды. Түнү менен ушундайча өч алуу болду”,- деди.

Иликте
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"
Ирак Эрбилдеги кол салуулардан кийин Ирандан так расмий позицияны талап кылды
Криштиану Роналду пенсияга чыгабы?
UKMTO: "Ормуз кысыгында бир кеме соккуга кабылды"
Израиль Сириянын Идлиб облусундагы Абу Зухур аскердик аэродромуна сокку урду
Трамп Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө "биринчи максат" экенин айтты
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди
Орусия: "Украинанын ракеталык чабуулунанан Белгород облусунда 6 адам каза болду"
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды
Түркия менен катар 7 өлкө Израилге каршы чыгышты
Орусия Украинадагы аскердик өнөр жай объектилерине жана кемеге сокку урганын жарыялады