ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
"Мусулман бир туугандардын" айрым кеңселери "террористтик уюм" деп жарыяланышы мүмкүн
Мамлекеттик жана Казына департаменттери 45 күндүн ичинде тиешелүү топторду расмий түрдө аныктоо боюнча отчет берүүгө жана чара көрүүгө милдеттүү.
"Мусулман бир туугандардын" айрым кеңселери "террористтик уюм" деп жарыяланышы мүмкүн
Трамптын буйругу / Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп Мамлекеттик жана Казына департаменттерине "Мусулман бир туугандардын" айрым кеңселерин "Чет элдик террористтик уюм" жана "Атайын аныкталган глобалдык террорист" деп белгилөөнү карап чыгууну тапшырган буйрукка кол койду.

Дүйшөмбү күнкү буйрукта эки департаментке башкы прокурор жана улуттук чалгындоо директору менен кеңешип Ливан, Египет жана Иордания сыяктуу бир катар өлкөлөрдөгү кеңселерди баалоо милдети коюлду. Бул мекемелер отчет тапшырып, топторду расмий түрдө аныктоо үчүн 45 күндүн ичинде чара көрүшү керек.

Ак үй бул кадамдын кеңселердин иштөө мүмкүнчүлүгүн азайтууга, алардын каржылоосун кыскартууга, ошондой эле АКШ жарандарына жана улуттук коопсуздукка келтирген коркунучтарын жоюуга багытталганын билдирди.

АКШ "Мусулман бир туугандарды" "террористтик" уюм катары классификациялаган эмес. Уюм Мамлекеттик департаменттин чет элдик террористтик уюмдарынын тизмесинде жок.

Бул кадам АКШ Конгресси тарабынан каралып жатат.

Иликте
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот