ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль палестиналыктардын сөөгүн начар абалда кайтарып берди
Саламаттыкты сактоо министрлиги палестиналык туткундардын денелеринде зомбулуктун, күйүктүн жана байлоонун белгилери бар экенин, бир туткундар тобу органдарды уурдоо ыктымалдыгынан сөз кылып эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда.
Израиль палестиналыктардын сөөгүн начар абалда кайтарып берди
Израилдин колундагы палестиналыктардын сөөгү бошотулгандан кийин Газадагы Насер ооруканасынын полунда полиэтилен баштыктарында жатат. / AP

Газадагы жогорку мартабалуу саламаттыкты сактоо кызматкери ок атышпоо жана туткундарды алмаштыруу келишиминин негизинде Израиль тарабынан кайтарылган палестиналык туткундардын сөөктөрүндө кыйноо жана күйүк белгилери бар экенин айтты.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы директору доктор Мунир ал-Бурш бейшемби күнкү билдирүүсүндө: "Газалык туткундардын денелери мал сыяктуу байланып, көздөрү таңылуу, кыйноонун жана күйүктүн коркунучтуу белгилери менен бизге кайтарылды — мунун баары жашыруун жасалган мыкаачылыктын далилдери",- деди.

Аль-Бурш сөөктөрдөгү көзгө көрүнгөн тактарды "жашырууга мүмкүн болбогон кылмыштар" деп мүнөздөп, көптөгөн туткундун "байлангандан кийин өлтүрүлгөндүгүн" белгиледи.

Палестиналык туткундардын медиа бюросу кайтарылган айрым сөөктөрдүн органдарын уурдоо ыктымалына да көңүлдөрдү бурду.

«Алгачкы маалыматтар айрым сөөктөрдүн органдарынын уурдалышы мүмкүн экенин көрсөтүүдө, бул адамзатка каршы кылмыш жана тирүү же каза болгон палестиналыктарга карата системалуу кылмыштуулукту ортого салууда”,- деп айтылды.

Медициналык жана соттук-медициналык көрсөтмөлөргө таянган бюро кайтарылган сөөктөрдүн көпчүлүгүнүн «колдору байланган, көздөрү таңылуу жана катуу кыйноо көргөнү, күйгөнү жана Израилдин брондолгон унаалары менен тебеленген издердин бар экенин” билдирди.

«Далилдер айрым курмандыктар камакка алынгандан кийин өлтүрүлгөнүн, мунун эл аралык гуманитардык мыйзамдарга жана Төртүнчү Женева конвенциясынын ачык түрдө бузулушу экенин ырастайт», — деп кошумчалады.

Бюро «кылмышкерлерди ашкерелөө жана эл аралык сот алдында жоопко тартуу үчүн шашылыш жана көз карандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүүгө» чакырды.

Бейшемби күнү Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израиль тарабынан Эл аралык Кызыл Крест комитети аркылуу 30 палестиналыктын сөөгүнүн кайтарылганын, алардын айрымдарында зомбулуктун белгилеринин бар экенин билдирди.

Ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенден бери Израиль 120дан ашык палестиналыктын сөөктүн кайтарды.

Иликте
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды