Даректүү кинонун өнүгүшүнө салым кошуу жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген жогорку сапаттагы чыгармаларды эл аралык аудиторияга жеткирүү максатында уюштурулган ТРТнын 18-Эл аралык даректүү тасмалар сыйлыктарына кайрылуулар кабыл алына баштады.
ТРТнын билдирүүсүнө ылайык, ышкыбоз жана кесипкөй продюсерлерди колдоону максат кылган сынакка кайрылууларды 2027-жылдын 19-мартына чейин "www.trtbelgesel.com" сайты аркылуу тапшырса болот.
Сынакка кайрылуу критерийлерине жооп берген даректүү тасмалар, ошондой эле өндүрүш этабына жете элек, бирок идея жана окуя этабында турган долбоорлор катыша алат. Катышуу акысыз жана катышуучулар төрт категория боюнча бааланат: Эл аралык категория, Улуттук кесиптик категория, Улуттук студенттик тасмалар категориясы жана Долбоорду колдоо категориясы.
Бардык категориялар боюнча жалпысынан 12 сыйлык тапшырылат.
Кайрылуу талаптары, баалоо процесси жана сыйлыктар тууралуу толук маалыматты "www.trtbelgesel.com" сайтынан таба аласыз.






















