Жакынкы Чыгыштагы согуш: энергетикалык зыян 58 млрд долларга жетиши мүмкүн

Жакынкы Чыгыштагы кагылышуу энергетикалык инфраструктурага келтирилген зыянды калыбына келтирүүнүн баасы 58 миллиард долларга чейин жетиши мүмкүн экени жана бул узакка созулуучу глобалдык кесепеттерге алып келиши болжолдолууда.

By
Жакынкы Чыгыштагы согуштун энергетикалык объектилерге келтирген зыяны 58 миллиард долларга чейин чыгым алып келиши мүмкүн, деп Rystad изилдөө фирмасы билдирди. / Reuters

Бул болжолдоо изилдөө компаниясы мындан үч жума мурун жарыялаган 25 миллиард долларлык алгачкы божомолуна салыштырмалуу кескин өсүштү көрсөтүүдө. Мындай өсүш АКШ менен Ирандын ортосунда 8-апрелде жетишилген ок атышууну токтотуу келишимине чейин эле келтирилген зыяндын көлөмү мурда болжолдонгондон алда канча кеңири экени аныкталгандан улам келип чыккан.

«Rystad» компаниясынын улук аналисти Каран Сатвани: «Калыбына келтирүү иштери жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратпайт. Ал болгону колдонуудагы кубаттуулуктарды башка багытка бурат жана бул өзгөрүүнүн таасири Жакынкы Чыгыштан алыс жерлерде да долбоорлордун кечигүүсү жана инфляция катары сезилет», — деп билдирди.

Сатвани : «58 миллиард долларлык эсеп негизги тема катары алдыга чыгууда, бирок глобалдык энергетикалык инвестициялардын графигине тийгизген таасири да кеминде ушул суммадай эле маанилүү болушу мүмкүн», — деген пикирин кошумчалады.

«Rystad» компаниясы калыбына келтирүү иштерине жумшала турган жалпы чыгымдын орточо эсеп менен 46 миллиард доллар деңгээлинде болору ыктымалдыгын, ал эми эң чоң үлүш — ишинин татаалдыгы жана зыяндын көлөмүнө байланыштуу — мунай иштетүү жана нефтехимия заводдоруна туура келерин билдирди.

Отчетко ылайык, өнөр жай, электр энергиясын өндүрүү жана деңиз суусун тузсуздандыруу жайларына келтирилген зыян чыгымдарга 3 миллиарддан 8 миллиард долларга чейин кошумча болушу мүмкүн.

«Rystad» калыбына келтирүү мөөнөттөрү объекттерге жана өлкөлөргө жараша айырмалана баштаганын белгиледи. Бул жагдай өлкөлөрдүн ички мүмкүнчүлүктөрү жана камсыздоо чынжырларына жетүүдөгү айырмачылыктарын ортого чыгарат

Эң чоң зыян Иранда байкалып, ал жерде калыбына келтирүү чыгымдары 19 миллиард долларга жетиши мүмкүн экени айтылды. Анда негизинен жаратылыш газын иштетүү, мунай иштетүү жана экспорттук инфраструктура жабыркаган.

Ал эми Катардагы таасир аз болгону менен, техникалык жактан кыйла татаал экени айтылды. Өзгөчө «Рас Лаффан» өнөр жай борборундагы оңдоо иштери учурда жүрүп жаткан суюлтулган жаратылыш газынын (СЖГ) кубаттуулугун арттыруу долбоорлоруна тоскоол болушу мүмкүн.

«Rystad» чыгымдардын негизги бөлүгүн инженердик жана курулуш иштери түзөрүн, бирок калыбына келтирүү графигин негизинен маанилүү жабдыктарды жеткирүүдөгү кечигүүлөр аныктай турганын белгиледи.

Компаниянын маалыматы боюнча, жабдууларды жана жумушчу күчүн камсыз кылуу эң чоң кыйынчылык бойдон калууда.