Түрк тил мекемеси 2025-жылдын сөзүн жарыялады: "санариптик абийир"
Түрк тил мекемеси бул сөз айкашы санарип доорунда абийир, жоопкерчиликтен алыстап бир гана жөн гана «клавиеатурага басууга» айланганын чагылдырарын билдирди.
Түр тил мекемеси (TDK) 2025-жылдын сөзү катары «санариптик абийир» терминин тандады.
Түр тил мекемесинин аныктамасына ылайык, адамдын өз иш-аракеттерине баа берүүсүн жана моралдык баалуулуктар тууралуу ой жүгүртүүсүн шарттаган «абийир» түшүнүгү санариптик доордо жаңы мааниге ээ болду.
Түрк тил мекемеси жасаган билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду: "Көп учурда адамдар чыныгы жашоодо жоопкерчиликти албаган же алгысы келбеген маселелер боюнча социалдык тармактарда бөлүшүү же лайк басуу аркылуу "абийирин тынчтандырууга" умтулушат. Бул абийирди "чыкылдатууга мүмкүн болгон операцияга" чейин төмөндөтүп, жеке сезимталдуулукту пассивдештирет".
Мекеме интернет колдонуучулары жактыруулар, бөлүшүүлөр жана комментарийлер аркылуу өздөрүнүн «адамдык милдеттерин» аткаргандай сезиши мүмкүн. Бирок, бул жагдай боорукердик жана адилеттүүлүк сезимдерин символдук көрүнүш менен гана чектешүүдө.
Билдирүүдө: «„Санариптик абийир“ түшүнүгү абийирдин санариптик чөйрөдөгү жаңы жана көбүнчө алдамчы функциясын сүрөттөө үчүн тилибизде орун алышы керек болгон зарыл термин болуп саналат», — деп айтылды.
Түрк тил мекемесинин билдиргенине караганда санариптик абийир адамдарды реалдуу көйгөйлөргө карата конкреттүү чечимдерди табуудан алыстатып, маселелердин андан ары тереңдешине себеп болууда.
Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой дүйшөмбү күнү X социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады. Министрдин айтымында, аталган термин 300 миңге жакын адам катышкан добуш берүүнүн жыйынтыгында тандалып алынган.
«Санариптик абийир — бул жеке жана коомдук аң-сезимибиздин күзгүсү катары алдыга чыккан күчтүү түшүнүк», — деген Эрсой, санариптик доордо абийир сезими жөн гана бир «клавиеатурага басууга» айланганын кошумчалады.