ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Хакан Фидан : Түркия Сирияда тынчтыктын түзүлүшүнө жардам берүүгө даяр
Тышкы иштер министри Хакан Фидан сириялык кесиптеши Асаад аль Шайбани менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Анкаранын Сирияда тынчтыктын түзүлүшүнө салым кошууга даяр экендигин айтты.
Хакан Фидан : Түркия Сирияда тынчтыктын түзүлүшүнө жардам берүүгө даяр
/ AA

Түркия Сириянын аймактык бүтүндүгүн, биримдигин жана эгемендигин колдой тургандыгын кайталап, согуш болуп жаткан өлкөдө тынчтыктын орношуна салым кошууга даяр экенин билдирди.

Түркиянын дипломатиялык булактарынан алынган маалыматка караганда, тышкы иштер министри Хакан Фидан жума күнү сириялык кесиптеши Асад аль Шайбани менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө өлкөнүн түштүгүндөгү окуяларды талкуулады.

Фидан сүйлөшүүдө Түркиянын аянттагы кырдаалга кылдат байкоо салып жатканын айтып, Анкара Сириянын аймактык бүтүндүгүн, биримдигин жана эгемендигин колдой тургандыгын дагы бир жолу кайталады.

Фидан Израилдин окуяларга кийлигишүүсүнүн кабыл алынгыс экенин, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөтүнүн аймактык ырааттуулукка жана Сирия элинин келечегине коркунуч келтирген аракеттерин токтотуусу керектигин белгиледи.

Сүвейда провинциясынын батыш жана түндүк аймактарында бедуин урууларынын күчтөрү менен жергиликтүү куралдуу друз топторунун ортосунда кагылышуулар уланууда.

Жекшемби күнү башталган чектелүү кагылышуулар Сирия режиминин күчтөрүнүн кийлигишүүсү менен күчөдү. Андан соң куралдуу друз топтору тарабынан жасалган кол салууларда ондогон режим аскери каза болду.

Режим күчтөрү менен друз топторунун ортосунда күчөгөн чыңалуудан кийин кыска мөөнөттүү ок атышпоо келишими түзүлдү бирок бул тез эле бузулду.

Друз жамааттарын коргоо шылтоосу менен Израиль Сирияга карата чабуулдарын күчөтүп, шаршемби күнү Дамасктагы Башкы штабдын штабы жана президенттик сарай баш болгон төрт провинцияга абадан сокку урду.

Бейшембиге караган түнү Сириянын президенттиги араб жана америкалык тараптардын ортомчулугу менен жаңы келишимди жарыялады. Келишимге ылайык, чыңалууну басаңдатуу үчүн режим күчтөрү Сүвейдадан кете баштады.

Иликте
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду