Австралиядагы бир пляжда канадалык туристтин сөөгү табылды, аны динголор курчап турган

Полиция 19 жаштагы аялга Квинсленд жээгиндеги К'гари аралында жүргөн жапайы иттер динголор кол салганбы же чөгүп кеткенби иликтеп жатат.

By
Жапайы иттер динголор. / AP

Австралия полициясы Квинсленддин түндүк штатындагы жээкте өлүгү табылган канадалык туристтин чөгүп кеткенби же өлкөдөгү жапайы иттер динголор кол салганбы, иликтеп жатат.

Полициянын маалыматына караганда, 19 жаштагы аял досторуна Квинсленд жээгиндеги К'Гари аралында сууга түшө турганын айткандан кийин дүйшөмбү күнү сөөгү табылды.

Квинсленд полициясынын инспектору Пол Алги басма сөз жыйынында: "Ушул этапта жаш аялдын кантип каза болгонун так айтууга али эрте. Биз бардык ыктымалдуулуктарды иликтеп жатабыз", - деди. Алги бул аялдын ким экени тууралуу маалымат берген жок. Полиция инспектору: "Пляжда басып жүргөн адамдар динголордун тобун байкап, токтотушкан; сыягы алар динголорду коркутуп, анан жаш аялдын сөөгүн табышкан", - деп кошумчалады.

Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги аралда эркин жүргөн жапайы иттерге адамдар менен байланышуунун көбөйүшү түрткү болгонун билдирди. Бул иттер адамдарга, өзгөчө балдарга жаракат келтириши же кээде өлүмгө алып келиши мүмкүн.