ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу жана деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф: "Эки тараптуу соода көлөмүн 13 миллион доллардан 200 миллион долларга көбөйтүү үчүн биргеликте колубуздан келгендин баарын жасайбыз"
Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу жана деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт
Мальдивдин президенти Мухаммед Муиззу борбор калаа Исламабадга сапарында Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолукту.

Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу, деңиз коопсуздугу жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө макулдашышты.

Мальдивдин президенти Мохамед Муиззу Исламабадга болгон сапары учурунда Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушту.

Жолугушууда эки лидер соода, коргонуу, деңиз коопсуздугу жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыкты күчтөндүрүүүгө макулдашышты.

Лидерлер ар кандай тармактарда өз ара түшүнүшүү жөнүндө 20 меморандумга кол коюшту.

Жолугушуудан кийинки биргелешкен маалымат жыйынында Шариф Пакистандын Мальдивдер менен болгон мамилелери "келечекте да ар дайым бекемделерине" убада берди.

5 миллион дарак отургузуу демилгеси

Шариф: "Биз кийинки эки жылдын ичинде эки тараптуу соода көлөмүн 13 миллион доллардан 200 миллион долларга көбөйтүү үчүн биргеликте колубуздан келгендин баарын жасайбыз" деп билдирди.

Исламабад өкмөтү Мальдив аралдарында 5 миллион дарак отургузуу демилгесин колдой турганын баса белгилеген Шариф макулдашылган мөөнөттө 100 000 зайтун көчөтү берилерин жарыялады.

Муиззу да Мальдив аралдары Пакистан менен тыгыз мамилелерди чыңдоону жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын жаңы багыттарын издөөнү көздөгөнүн айтты.

Иликте
Иран: "Байытылган бир грамм уран да өлкөбүздөн чыгарылбайт"
Араб коалициясы: "Сауд Арабиясынын Медина жана чыгыш аймагында 5 дрондук чабуулдун алдын алынды"
Трамптын өкүлү Виткофф Зеленский менен жолугушкандан кийин Путинге жаңы тынчтык сунушун билдирет
Нигерияда Эбола вирусун жуктуруп алган алгачкы учур катталды
Мерц: «Түркиядан иммиграция Германияны маданий, экономикалык жана илимий жактан байытты»
Грецияда студенттер жогорку батир акысына жана жашоо-тиричиликтин кымбаттыгына нааразылык билдирүүдө
Маск Украинага көрсөтүлүүчү Starshield кызматын чектөө боюнча көрсөтмө берди
Израилдин коргоо министри оккупацияланган Түштүк Ливандан 200 миң жарандын жер которгонун айтты
АКШ президенти Трамптын айтымында, Иран менен болгон согуш "жакында" аяктайт
НАТО кемелерди коргоо үчүн Кара деңизге кошумча күчтөрдү жөнөтөт
Венгрияда Израилдин президентинин кортежине «коопсуздук максатында» желек илинген жок
Көрүнбөгөн фронт: Түркиянын электрондук согуш мүмкүнчүлүктөрү
Йемен: БУУ хуситтердин курчоосундагы Таизде гуманитардык коридорду ачууга чакырды
Ливия парламенти 2019-жылы Түркия менен түзүлгөн деңиз юрисдикциясы боюнча меморандумду бекитти
Чанкырыдагы Япраклы жайлоосу күздүн түстөрүнө бөлөндү