ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Британия коргонуу бюджетине кошумча 15 миллиард фунт стерлинг бөлүүнү убада кылды
Стармердин айтымында, бул план "Европага багытталган НАТОну түзүүгө" мүмкүндүк берет.
Британия коргонуу бюджетине кошумча 15 миллиард фунт стерлинг бөлүүнү убада кылды
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер

Британиянын премьер-министри Кир Стармер коргонууга кошумча 15 миллиард фунт стерлинг бөлүнөрүн билдирди.

Премьер  - министр Стармер коргонуу боюнча бир компанияда сөз сүйлөп, Британия армиясынын 10 жылдык  каржылоо алкагын белгилеген "Коргонууга инвестиция салуу планы" тууралуу маалымат берди.

Стармер өлкөсүнүн акыркы он жылда кооптуу жана туруксуз дүйнөгө туш болуп жатканына көңүлдөрдү буруп, тышкы коркунучтар алыс эмес экенин айтты.

Премьер-министр: «Дүйнө куралданып, агрессия күчөп жаткан чакта, согуштан качуунун эң жакшы жолу — ага даяр туруу», — деди.

Стармер планга ылайык, коргонууга кеткен чыгымдар өлкөнүн ички дүң продуктусунун (ИДП) 4,2% га жете турганын белгилеп:  «Өкмөт деңгээлинде чыгымдардын артыкчылыктарын кайра карап чыгуу аркылуу коргонуу тармагына 15 миллиард фунт стерлинг өлчөмүндө кошумча каражат бөлүнөт», — деди.

Премьер-министр бул өсүш менен бирге, британ куралдуу күчтөрүн колдоо жана улуттук коопсуздукту чыңдоо максатында, 4 жылдын ичинде болжол менен 300 миллиард фунт стерлингге жетерин кошумчалады.

Ошондой эле, бул чыгымдарды жабуу үчүн өзгөчө мааниге ээ болбогон айрым жол жана энергетикалык долбоорлордун токтотуларын да белгиледи.

«Европага багытталган НАТОну түзүүгө мүмкүндүк берет»

Кир Стармер аталган план эл аралык лидерликти күчтөндүрүүгө жана «Европага багытталган НАТОну түзүүгө» шарт түзүп, британ элине пайда алып келерин айтты. Муну менен катар  бул демилгенин АКШны четтетүүнү эмес, тескерисинче, Британиянын коопсуздугун камсыздап жаткан трансатлантикалык альянсты бекемдөөнү максат кыларын белгиледи.

"НАТО мурдагыдан да маанилүү"

Стармер сөзүндө Россия -Украина согушуна да токтолуп: "Ушунун негизинде НАТО мурдагыдан да маанилүү" деп баа берди жана Европа өлкөлөрүнө "өз коргонуусу үчүн артыкчылыктуу жоопкерчиликти алууга" чакырды.

Иликте
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү