ТҮРК ДҮЙНӨСҮ
2 мүнөт окуу
Кыргызстан Кытайдын Кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү чечимин кубаттады
Кытай Кыргызстан жарандарына ошондой эле Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берди.
Кыргызстан Кытайдын Кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү чечимин кубаттады
Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер минисри Ван Йи менен жолукканда

Кыргызстан Кытайдын кыргыз жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү тууралуу чечимин кубануу менен кабыл алганын билдирди.

Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип бул тууралуу билдирүү жасады.

Кытайдын Кыргызстанды 10 күндүк визасыз кирүү программасына кошконун жана визалык режимди жеңилдетүү чечимин кубануу менен кабыл алганын белгилеген Абдумуталип, 20-августтан баштап кыргызстандыктар 10 күнгө чейин визасыз Кытайга кире алаарын эске салды.

Кытай саякаттарда 10 күнгө чейин визасыз өтүүгө уруксат берген өлкөлөрдүн катарына кирген Кыргызстан жарандарына үчүнчү өлкө же аймак аркылуу өтүү шарты коюлганын белгилеген Абдумуталип, төмөнкүлөрдү айтты:

«Эгер кыргызстандык жаран визасыз түрдө Пекинге, Шанхайга же Кытайдын башка бир шаарына барууну кааласа, тандаган шаарга түз билет жана үчүнчү өлкө аркылуу Кыргызстанга кайтуу билеттерин алганы жетиштүү болот. Мисалы, «Шанхай—Алма-Ата—Бишкек» же «Пекин—Ташкент—Ош» багыттары колдонулушу мүмкүн.»

Абдумуталип Кытай тарап Кыргызстан жарандарына өлкөнүн түштүгүндөгү Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүү уруксатын да бергенин билдирди.

Ал эми Кытай жарандарынын Кыргызстанга кирүүсүндө виза режими күчүндө кала турганын Абдумуталип белгиледи.

Чечим эки тараптуу мамилелерге салым кошоруун баса белгилеген Абдумуталип: «Биз Кытай тарап бул чечимди эки тараптуу кызматташууну жогорку деңгээлде улантуу, реформалардын натыйжалары, Кыргызстанда коопсуздук жана коомдук-саясий туруктуулукту камсыздоо, экономикалык өсүү жана мамлекет үчүн маанилүү документтерди чыгаруу процессинде толук көзөмөл орнотуу өңдүү себептер менен кабыл алган деп эсептейбиз. Бул чечим соода жана туризм багытында кызматташууну өнүктүрүүгө ылайыктуу шарттарды түзөрүнө ишенем», - деди.

Иликте
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти
Даниянын чалгын кызматтары орус саботаж ыктымалдуулугуна каршы эскертти
Орусия Москвага багыт алган 37 дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады
АКШнын армиясы Тынч океандын чыгышында бир кемени чөктүрдү
Трамп Иран менен согушту токтотууну карап жатат
Израилдиктер Батыш Шерияда айылга кол салды: 2 палестиналык  каза болду
АКШнын Миннеаполис шаарындагы куралдуу кол салуудан эки адам каза болду
Орусия: "Украинанын аскердик логистикалык борборлоруна жана кемелерине сокку урдук"
Трамп Иранга карата чабуулдардын Израиль менен Жакынкы Чыгышка жардам берүү үчүн жасалганын жактады
Испания Израиль менен Россиянын мигранттардын агымын күчөткөнүн билдирди
Иран менен байланышы бар хакерлер АКШдагы маанилүү инфраструктураларга кол салууга аракет кылышкан