Эрдоган: «Сапарыбыз Түркия-АКШ карым-катнаштарында жаңы доорду баштады»
Президент Эрдоган Дональд Трамп менен жолугушуусунун Түркия-АКШ карым-катнаштарында бурулуш учур болгонун, F-35 согуштук учагы программасы, CAATSA санкцияларынын жоюлушу жана коргонуу тармагындагы кызматташтыкта жылыш болгонун айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия менен АКШнын мамилелери “жаңы жана оң фазага” өткөнүн билдирди. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп менен коргонуу, соода жана аймактык туруктуулук боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин айтылды.
Шаршемби күнү Азербайжандан кайтып келе жатып журналисттерге сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган АКШга болгон акыркы сапары жана Трамп менен болгон телефон сүйлөшүүлөрү эки тараптуу мамилелерди чыңдоого багытталган “дем берүүчү сигналдарды” бергенин айтты.
F-35 программасы да, CAATSA санкциялары да талкууланганын жана президент Трамптан конструктивдүү билдирүүлөрдү алганын белгилеген Эрдоган: «Түркия бул долбоордо өнөктөш, өзүн актаган жана милдеттенмелерин аткарган өлкө. Бизди бул программадан чыгаруунун себептеринин мыйзамдуулугу жок»,-деди.
Эрдоган, согуштук учак долбоору жана санкциялардын жоюлушу боюнча техникалык сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын айтып, : «Биздин үмүтүбүз бул процесстердин эң кыска убакытта оң жыйынтыкталышы. Сапарыбыз Түркия-АКШ карым-катнаштарында жаңы доорду ачты»,-деди.
Халкбанктын иши мындан ары көйгөй эмес
Президент ошондой эле Анкара менен Вашингтондун ортосунда көптөн бери чыңалган Халкбанк маселесинин эффективдүү чечилгенин билдирди.
«Урматтуу Трамп, АКШдагы жолугушууларыбызда да, акыркы телефондук сүйлөшүүбүздө да «Халкбанктын маселеси биз үчүн бүттү» деп айтты»,-деп, «Бул саясий эрктин маанилүү бир декларациясы»,- деди.
Кээ бир процедуралык кадамдардын калганын белгилеген Эрдоган, маселенин жакын арада расмий түрдө жабылышын күткөндөрүн белгилеп, «Үмүтүбүз бул процесстердин эң кыска убакытта оң жыйынтыкталышы»,-деди.
Газадагы ок атышпоодо Түркиянын ролу
Эрдоган Газа жана Сириядагы абал баш болгон аймактык кризистерге токтолуп, Түркиянын дипломатиялык жана коопсуздук координациясынын «эң жогорку деңгээлде» уланып жатканын айтты.
Ал Анкара АКШ, Египет жана Хамас менен тынымсыз байланышта экенин, Түркиянын чалгындоо кызматынын башчысы Шарм-эл-Шейхте уланып жаткан сүйлөшүүлөргө катышып жатканын белгиледи.
Эрдоган: «Түркия бардык чын ыкластуу тынчтык аракеттерин колдойт»,-деп, Израилди сүйлөшүүлөрдү бузбоо керектигин эскертти. Биздин артыкчылыктарыбыз – толук жана туруктуу ок атышпоо, үзгүлтүксүз гуманитардык жардам жана Газаны палестиналыктар үчүн кайра куруу.
Сирия темасында тыюу салынган ПКК жана ЙПГ элементтери же башка чет элдик провокациялардан улам жаңыланган туруксуздукка жол бербей тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Сабырдуу жана токтоо позициябыз алсыздык эмес. Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн коркунучка учурашына эч качан жол бербейбиз, Анкара жана Дамаск менен ынтымакта иш кылгандар жеңет»,- деди.
«Түркия аймактык күч катары өсүүдө»
Эрдоган Азербайжанга жасаган сапарына токтолуп, Түркиянын Түрк Мамлекеттер Уюмундагы (ТМУ) жетекчилигинин учурда маданий кызматташтыктын чегинен чыкпаганын белгилеп: «ТМУ мындан ары бир гана маданий альянс эмес, стратегиялык тилектештик платформасы. Кызматташтыгыбыз чалгындоодон чек ара коопсуздугуна жана кибер коргонууга чейин тереңдеп баратат»,-деди.
Ал Түркиянын глобалдык таасири Израиль тарабынан кармалган ондогон активисттин бошотулушун камсыздаган Сумуд флотилиясы операциясы менен дагы бир жолу көргөзүлгөнүн белгиледи.
Эрдоган: «Бул Түркиянын тез гуманитардык жана дипломатиялык аракеттерге жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Биз ар бир мыйзам бузууну документтештирдик. Эми биз дипломатия жана мыйзам аркылуу адилеттүүлүктү издейбиз»,-деп айтты.