ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: Биз кызматташтыгыбыздын динамикалуу жана келечекке багытталган кадамдарын талкууладык
Президент Эрдоган Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен жолугушууда экономикалык жана соода мамилелери артыкчылыктуу күн тартиби болгонун, ал эми ядролук энергетика жана тоо-кен өнөр жайы дагы бир маанилүү тема экенин билдирди.
Эрдоган: Биз кызматташтыгыбыздын динамикалуу жана келечекке багытталган кадамдарын талкууладык
Президент Режеп Таййип Эрдоган

Президент Режеп Таййип Эрдоган: "Биз Корея менен алдыңкы технологиялар жаатында кызматташууга чоң маани беребиз", - деди.

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен Түштүк Кореянын борбору Сеулга барган Эрдоган делегациялар аралык жолугушуулардан кийин өткөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы тарыхый достуктун пайдубалы 76 жыл мурун Корея согушунда түрк жоокерлеринин Кореянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшү менен түптөлгөнүн эске салган Эрдоган өз ара байланыштар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты динамикалуу жана келечекке багытталган түрдө алдыга жылдырарын баса белгиледи.

Президент Эрдоган Ли менен жолугушууларда экономикалык жана соода мамилелери артыкчылыктуу күн тартиби болгонун, ал эми ядролук энергетика жана тоо-кен өнөр жайы дагы бир маанилүү тема экенин билдирди.

Эрдоган: "Айрыкча батарея өндүрүү, жасалма интеллект жана жарым өткөргүчтөрдү кошо алганда биз Корея менен көптөгөн алдыңкы технологиялык тармактарда кызматташууга чоң маани беребиз. Сиздерге белгилүү болгондой, коргоо өнөр жайы биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүз конкреттүү натыйжаларды берген тармактардын бири. Президент менен болгон жолугушуумда “Фыртына” гаубицалары жана “Алтай” танкы сыяктуу ийгиликтүү биргелешкен долбоорлордун санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледик», - деди.

Президент Эрдоган: "Эл аралык маселелер боюнча көз караштарыбыз көбүнчө дал келет. Биз Корея жарым аралында туруктуу тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга багытталган диалогго негизделген мамилени колдойбуз", - деп билдирип, бүткүл адамзаттын жыргалчылыгы үчүн Бириккен Улуттар Уюму, MIKTA жана G20 сыяктуу көп тараптуу платформаларда кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө чечкиндүү экендиктерин баса белгиледи.

Иликте
Дуран: «Карабахтагы жеңиш Азербайжандын чечкиндүүлүгүнүн тарыхый символу»
Жапонияда болгон 5,7 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашык адам жаракат алды
TRT World форумунда дүйнөлүк соода жолдору талкууланды
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Нигериянын маалымат министри Малаги менен жолугушту
УЧУнун башчысы Ибрахим Калын: "Маселе Палестина эмес, маселе оккупация"
Түркия Франциянын өз шельфиндеги уруксатсыз изилдөөсүнө каршы чыкты
TRT World Forum 2026да «Түркия: Регионалдык күчтөн аймактар аралык актерго» аттуу панель өттү
TRT World Forum 2026 форумунда «Эл аралык системадагы америкалык парадокс» талкууланды
ТРТнын башкы директору Собажы TRT World Forum 2026 форумунда сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү
Россия: Starlink жана OneWeb саясий туруктуулукка коркунуч жаратууда
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Мекке коргонуу альянсына байланыштуу пикирин билдирди
Израилдин чабуулдарынан улам Газа тилкесинде 68 миллион тоннага чейин таштанды калды
Францияда мектеп автобусу кырсыкка учурады
Малайзиянын мурдагы премьер-министри Наджиб үй камагына чыгуу үчүн 12 миллион доллар айып пул төлөдү