ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Изилдөөгө ылайык, 1,2 миллион орус, 600 000 украиналык аскер каза болуп, жараланды
Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан аналитикалык борбордун жарыялаган изилдөөсүнө ылайык, Украинадагы согушта эки миллионго жакын аскер кызматкери каза болду, жаракат алды же дайынсыз жоголду.
Изилдөөгө ылайык, 1,2 миллион орус, 600 000 украиналык аскер каза болуп, жараланды
Орус күчтөрү 2022-жылы согуш башталгандан бери эң оор жоготууларга учурады, деп изилдөөдө айтылат. / AP

Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору (CSIS) тарабынан шейшемби күнү жарыяланган отчетто Россиянын Украинадагы согушу болжол менен 1,2 миллион орус жана 500 000ден 600 000ге чейин украин аскеринин жоготуусуна алып келгени белгиленди.

CSIS орус күчтөрүнүн согуш башталгандан төрт жылдан бери 325 000ге чейин жоготууга учураганын болжолдп жатат.

«Экинчи дүйнөлүк согуштан бери эч бир ири держава мынчалык көп жоготууга же өлүмгө дуушар болгон эмес», — деп билдирилген иликтөөдө орус күчтөрүнүн жоготууларынын масштабына карабастан «согуш майданында таң калыштуу даражада жай» алдыга жылып бара жатканын да кошумчалады.

Отчетко караганда Украинага таандык күчтөр да оор жоготууга учурады; 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын декабрына чейин 100 000ден 140 000ге чейин украин аскери каза болгон.

Изилдөөдө жоготуулардын көбөйүшү мүмкүн экени эскертилип, орус жана Украинанын жалпы жоготуулар "1,8 миллионго чейин, ал эми жалпы жоготуулар 2026-жылдын жазына чейин эки миллионго жетиши мүмкүн экендигин” белгиледи.

Согуш жарандарга да оор чыгым алып келди.

Бириккен Улуттар Уюмунун байкоочулары 2025-жылы Украинада 2022-жылдан башка жылдарга караганда жарандардын өлүмү көп болгонун билдиришти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссарынын адам укуктары боюнча офиси билдиргендей, 2025-жылы 2 500дөн ашык жаран каза болуп, 12 000ден көп адам жаракат алган.

БУУ согуш башталгандан бери болжол менен 15 000 жаран набыт болгонун билдирсе да, чыныгы сан «кыйла жогору болушу мүмкүн» экенин айтты.

Иликте
Министр Фидан: "Биз аймактык маселелерди чечүүдө жоопкерчиликти алууну улантабыз"
Москвадагы төрт аэропортто дрон коркунучунан улам каттамдар убактылуу токтотулду
Эмине Эрдоган "Имам Бухари" күмбөзүн зыярат кылды
Кремль: "АКШга орус дизелин ташыган биринчи танкер жолго чыкты"
Фон дер Ляйен Румыния жээгинде жарандык кеменин атылышын айыптады
Кремль: "Украина менен сүйлөшүү ноябрь айынын биринчи жарымында Абу-Дабиде өтүшү пландалууда"
Франциядагы куралдуу кол салуудан 1 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды
"Түрк тили жана маданияты" окуу китептери эми жеткиликтүү
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда