ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Президент Эрдоган Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинин стратегиялык маанисин баса белгилеп: "Европа Биримдиги Түркиянын Биримдикке муктаждыгынан да көп муктаж жана бул муктаждык келечекте дагы өсөт",- деди.
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Президент Режеп Тайып Эрдоган / Reuters

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган 9-Май — Европа күнүнө карата куттуктоо билдирүүсүн жарыялады. Мамлекет башчы билдирүүсүндө Европа интеграциясына негиз салган Шуман декларациясынын маанисине токтолуп, Түркиянын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүк процесси стратегиялык зарылчылык экенин баса белгиледи.

Европа Биримдиги негизделген эрежелер бүгүнкү күндө көп өлчөмдүү кризистер менен бир убакта сыналып жатканына көңүлдөрдү бурган Эрдоган төмөнкүлөрдү белгиледи: Европа интеграциясынын пайдубалын түптөгөн Шуман декларациясынын жарыяланганына 76 жыл толду. 9-май — Европа күнү континентте тынчтыкка, кызматташтыкка жана өз ара урматтоого негизделген орток келечекти куруу максатынын айкын көрсөткүчү катары белгиленүүдө.

Шуман декларациясы жарыяланган жана Европа Биримдигинин негизи түптөлгөн 9-май — Европа күнү. Бул күн Европа Биримдигинин символдорунун бири гана болбостон, континентте тынчтыкка, кызматташтыкка жана өз ара сыйлоого негизделген жалпы келечекти куруу максатын чагылдырат. Мындан 76 жыл мурун негизделген Европа Биримдиги учурда көп кырдуу кризистер менен бетме-бет келүүдө. Дүйнөдө сезилип жаткан согуштар, саясий кризистер жана экономикалык кыйынчылыктар Европа Биримдигинен дагы инклюзивдүү жана бириктирүүчү саясаттарды жүргүзүүнү талап кылууда.

Европа Биримдигине мүчөлүккө талапкер өлкө катары Түркия бул интеграциялык процесстин негизги жана ажырагыс элементи. Бүгүнкү күндө Түркия өзүнүн татыктуу ордун албаган Европа архитектурасы кемтик бойдон калаары жана аймактык кризистерди башкарууда алсыздыкка учурай турганы ачык байкалууда.

"Өз ара пайдалуу" жана "убадага берилгендикке" басым жасоо

Түркия катары биз убадага туруу принцибине таянып жана Европа Биримдиги менен болгон карым - катнашыбызды "утуш-утуш" принцибинин негизинде алдыга жылдырууда чечкиндүүбүз. Бул чын ыкластуу чечкиндүүлүктү Европа Биримдиги тарабынан да көрсөтүлүшүн күтөбүз. Бул ойлор менен 9-май Европа күнү биздин жалпы географиябызда тынчтыкка, бейпилдикке жана тилектештикке өбөлгө болсун деп тилейм жана биринчи кезекте жарандарыбызды, ошондой эле Европа элдерин Европа күнү менен куттуктайм.

Иликте
Тышкы иштер министри SEEP саммитине президент Эрдогандын атынан катышат
Ок атышууну токтотууга карабастан Израиль Газага дээрлик күн сайын кол салып жатат
Анталияда жаа атуу боюнча дүйнө кубогунун үчүнчү этабы башталды
Түркия менен Канада эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү башташат
Иран: Ормуздан Баб эль-Мандебге чейинки линия каршылык көрсөтүүнүн жаңы коопсуздук багыты болот
Россия: "Палестиналыктар Чыгыш Кудс борбору болгон көз карандысыз мамлекетке ээ болушу керек"
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Кытай менен Түндүк Корея мамилелерди чыңдоону чечишти
Украинанын Харьков шаарында Орусиянын чабуулдарынан төрт адам каза болду
Стамбул декларациясында кызматташтык жөнүндө билдирүү алдыңкы орунда турат
АКШнын Apache тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү
Президент Эрдоган Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучусу менен жолугушту
Армениянын  тышкы иштер министри Мирзоян Түркия менен толук  нормалдашуу боюнча үмүттүү
ДММ "Түрк учактары грек министринин учагына жолтоо болду" деген дооматтарды четке какты
Байрамов Түркия, Азербайжан жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү