ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Орусия Трамптын айткандарын четке какты
Орусиянын вице-премьер-министри Новак АКШнын тынчсызданууларына карабастан күйүүчү май рыноктору туруктуу экенин айтты.
Орусия Трамптын айткандарын четке какты
Орусия Трамптын айткандарын четке какты / Reuters

Орусия шаршемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамптын “бензин тартыштыгы Орусиянын экономикасы кыйроонун алдында турганын көрсөтүүдө” деген эскертүүсүнө каршы чыкты.

Трамп шейшемби күнү Украинадагы жаңжалды токтотууга даяр эместиги үчүн президент Владимир Путинге нааразычылыгын билдирген.

“Ал бул согушту чындап токтотушу керек. Билесиздер, азыр Орусияда бензин үчүн узун кезектер бар,” - деген Трамп: “Экономикасы кыйроонун алдында турат жана анын жакшы абалда экенин көргүм келет. Башкача айтканда Владимир Путин менен абдан жакшы мамиледе болчумун, бирок ал бул согушту токтоткусу келбейт, менимче бул аны абдан жаман көрсөтүп жатат” деди.

Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак Орусияда бензиндин ички рыногу туруктуу камсыздалып жатканын билдирип: “Бизде ички рынокту туруктуу камсыздоо бар, бул жагынан эч кандай көйгөйлөрдү көргөн жокпуз,” - деди.

“Өндүрүш менен керектөөнүн ортосундагы баланс сакталып турат, биз өкмөт жана тиешелүү министрликтер катары бул абалдын ушундай бойдон калышын камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз” деп кошумчалады.

‘Диалогго ачыкпыз’

Александр Новак ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн экономикасындагы терс тенденцияларды орус газына болгон көз карандылыкты чектөө чечими менен байланыштырды.

“Алар (ЕБ) Орусиянын газын Европага жеткирүүнү чектөө чечимин кабыл алышты. Бүгүнкү күндө чынында газ жеткирүүлөрү азайды. Буга чейин орус газынын Европанын энергетикалык балансындагы үлүшү болжол менен 44 пайызды түзсө, учурда жалпы импорттун болжол менен 19 пайызын түзөт. Башкача айтканда эки эсеге кыскарды,” - деген Новак Германия сыяктуу өлкөлөрдөгү стагнацияга көңүл буруп, газды кайра иштетүүчү ишканалардын, химиялык заводдордун жана өнөр жай өндүрүштүк бөлүмдөрдүн жабылышы өсүштү басаңдатканын айтты.

Ошондой эле Новак эгер талап кылынса Орусия Европага газ жеткирүүлөрүн көбөйтүүгө даяр экенин, бирок мындай макулдашуулар “өз ара пайдалуу шарттарда, өнөктөштүктүн негизинде” болушу керектигин кошумчалады.

Ал энергетикалык чыңалууга карабастан Орусиянын диалогго ачык экенин баса белгиледи.

Иликте
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"