ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иран АКШ менен Омандагы сүйлөшүүлөрдө "ак ниеттүүлүк менен" иш алып барып жатканын билдирди
Жума күнү сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Оманга барган ирандык жогорку даражалуу дипломат тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана жалпы кызыкчылыктар узак мөөнөттүү келишим үчүн "маанилүү" экенин айтты.
Иран АКШ менен Омандагы сүйлөшүүлөрдө "ак ниеттүүлүк менен" иш алып барып жатканын билдирди
"Милдеттенмелер аткарылышы керек," - деди Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи. / Reuters

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жума күнү Омандагы АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн алдында Тегеран дипломатияны "ак ниеттүүлүк менен" жүргүзүп жатканын жана "милдеттенмелер аткарылышы керектигин"билдирди.

X баракчасындагы билдирүүсүндө Аракчи: "Иран ачык көз караш жана өткөн жылдын азабын эске алуу менен дипломатия жүргүзүүдө. Жакшы ниет менен жакындап жатабыз жана укуктарыбызда чечкиндүүбүз", - деди.

«Милдеттенмелер аткарылышы керек», - деп кошумчалаган Аракчи, тең укуктуулук, өз ара сыйлоо жана жалпы кызыкчылыктар «зарыл жана узак мөөнөттүү келишимдин негизи» экенин баса белгиледи.

Вашингтон менен Тегеран жума күнү Оманда өзөктүк сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландаштырууда. Америка тарабын АКШнын президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жана АКШнын атайын өкүлү Стив Виткофф өкүлдүк кылат.

Ал эми Иранды Аракчи жетектеген дипломатиялык делегация өкүлдүк кылат. Өлкөнүн жарым-жартылай расмий Tasnim маалымат агенттиги Ирандын тышкы иштер министри сүйлөшүүлөр үчүн Омандын борбору Маскатка барганын кабарлады.

Пландалган сүйлөшүүлөр Перс булуңундагы Американын аскердик күчтөрүнүн көбөйүшүнөн жана декабрь айынын аягында башталган Ирандагы нааразычылык акцияларынан кийин АКШнын президенти Дональд Трамптын аскердик кийлигишүү коркутууларынан улам Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалуу күчөгөн маалда өтүп жатат.

Акыркы күндөрү бир нече өлкөлөр Тегеран менен Вашингтондун ортосунда чыңалууну басаңдатуу үчүн ортомчулук кылууну сунушташты, Түркия өзгөчө активдүү ролду ойнойт.

АКШ жана анын өнөктөшү Израиль Иранды ядролук курал чыгарууга аракет кылып жатат деп айыптап жатышса, Тегеран өзүнүн ядролук программасы тынчтык максатта, анын ичинде электр энергиясын өндүрүү үчүн иштелип чыкканын билдирип келет.

Иликте
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды