Орусия православдык Пасха майрамына карата Украина менен ок атышууну токтотууну жарыялады
Кремль Украинанын да ок атышпоого кошулаарын күткөнүн билдирди.
Кремлдин билдирүүсүнө ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин жакындаган православдык Пасха майрамына карата Украина менен ок атышууну токтотууну жарыялады, ок атышпоо 11-апрель саат 13:00дөн 12-апрелдин аягына чейин күчүндө болот.
Кремлдин басма сөз кызматы Орусия украин тараптын да аны сакташын күткөнүн айтты.
Билдирүүдө: "Орусия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командири Владимир Путиндин чечими менен жакындаган православдык Пасха майрамына (Исанын тирилишине) карата ок атышууну токтотуу жарыяланды, бул 11-апрель саат 16:00дөн 12-апрелдин аягына чейин күчүндө болот", - деп маалымдалды.
Билдирүүдө ошондой эле коргоо министри Андрей Белоусовго жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовго ушул мезгилде бардык фронттордо согуштук операцияларды токтотуу тапшырылганы баса белгиленди.
Билдирүүдө: "Орус күчтөрү душмандын ыктымалдуу провокацияларын жана агрессивдүү аракеттерин басууга даяр болушу керек. Украина тараптын Орусия Федерациясына окшош чечим кабыл алат деген түшүнүк менен иш алып баруудабыз", - деп айтылды.