ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Тышкы иштер министрлиги: Нетаньяхунун максаты- аймакта тынчтыктын орношуна жол бербөө
Тышкы иштер министрлиги: "Нетаньяхунун жалгыз максаты - палестиналыктарды өз мекенинен сүрүп чыгаруу жана аймакта тынчтыктын жана туруктуулуктун орношуна жол бербөө", - деп билдирди.
Тышкы иштер министрлиги: Нетаньяхунун максаты- аймакта тынчтыктын орношуна жол бербөө
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Анкара

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги геноцид жүргүзгөн Израилдин Газзага карата кол салуулары боюнча билдирүү жасады.

Министрликтен берилген билдирүүдө төмөнкүдөй сөздөр орун алды:

“Газза Тынчтык планын ишке ашырууну мүмкүн кылчу жол картасына макулдашууга жетишилгенден кийин дароо эле Израиль Газзада 30дан ашык жаранды өлтүрүп, саламаттык сактоо мекемелерин бутага алгандыгы Нетаньяху өкмөтүнүн Палестиналыктар менен тынчтык курууга ниети жок экенин дагы бир жолу көрсөттү.

Нетаньяхунун жалгыз максаты - палестиналыктарды өз мекенинен сүрүп чыгаруу жана аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга тоскоолдук кылуу. Бул жагынан алганда, ал аймактагы морт тең салмактуулукту бузуп, ортомчу өлкөлөрдүн, биринчи кезекте АКШнын аракеттерин жокко чыгара турган кадамдарды жасоодон тартынбайт.

Эл аралык коомчулук Нетаньяхунун бүтүндөй Жакынкы Чыгышты чыр-чатак аймагына айландырууну көздөгөн экспансионисттик жана милитаристтик мамилесине каршы чечкиндүү, ырааттуу жана күчтүү позицияны ээлеши зарыл болуп калды.

Биз аймагыбыздын жана Палестинанын тынчтыгын жана гүлдөп-өнүгүшүн колдогон бардык өлкөлөрдү биргелешкен жоопкерчилик сезими менен иш-аракет кылууга жана эл аралык укукту жана гуманитардык баалуулуктарды сактоого чакырабыз".

Иликте
Wildberries 2027-жылы Казакстанда 260 000 чарчы метр аянтты ээлеген жаңы кампа ачууну пландап жатат
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Apple компаниясы Telegram тиркемесин App Store дүкөнүнөн убактылуу алып салды
Армениянын президенти Хачатурян Пашиняндын жаңы кабинетин бекитти
Иран президенти: Аймактык бүтүндүгүбүздү коргойбуз, бирок согушту кеңейтүүнү каалабайбыз
Президент Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман менен сүйлөштү
Жогорку аскердик кеңеш жыйналууда
Ибрахим Калын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Хамастын лидери менен жолугушту
Түркия, Египет жана Катар  геноцидчи Израилди айыптады
Дрондор түнү бою Орусиянын аймактарына сокку уруп, Москвада беш адам каза болду
Министр Фидандын дипломатиялык иш-аракеттери
Казакстан Арал менен Каспийди бириктире турган стратегиялык автожолдун курулушун баштады
Коргоо жана авиация тармагы 1,12 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды
Израиль армиясы жана мыйзамсыз отурукташкандар июль айында Батыш Шериага 2256 жолу кол салды
Түрк аба жолдору (THY) жүргүнчүлөрдүн жана учуулардын тарыхындагы рекорддорду жаңылады