Сирия бийликтен кулатылган режимдин лидери Башар Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Эл аралык полиция уюмуна (Интерпол) арыз менен кайрылганы маалым болду.
Сириянын расмий агенттиги САНАнын Дамасктын 4-Жогорку сотунун төрагасы Фахруддин эль-Арянга таянып жазган кабарына караганда, Асад бир туугандардын файлдары Интерполго жөнөтүлдү.
Фахруддин эль-Арян, качкын кылмышкерлер Башар Асад жана Махир Асад менен берки айыпкерлерге карата сыртынан чыгарылган чечимдердин укуктук натыйжасы болгонун жана аларга карата керектүү процедуралардын аткарылышы үчүн файлдардын Интерполго жиберилгенин айтты.
Дамасктын 4-Жогорку кылмыш соту августта Башар Асад менен Махир Асадды жана качкан 7 айыпкерди өлүм жазасына тарткан.























