Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Ирландия Газадагы адам өлүмүнүн коркунучтуу деңгээлге жеткендиктен Израилдин сынакка катышуусу абийир жактан кабыл алгыс экенин билдирди.
Көптөгөн өлкөлөр Израилдин катышуусу сынакка көлөкө түшүрөт деген негизде 2026-жылдагы Евровидение ыр сынагын бойкотт кыла тургандыгын жарыялашты.
Газадагы геноцид боюнча айыптоолордон улам Израилге каршы кеңири каршылык аны четтетүү чакырыктарын күчөттү.
Бейшемби күнкү билдирүүлөр уюштуруучулардын Израилдин катышуусун бекиткенден кийин жасалды.
Бирок, Женевадагы жолугушуудан кийин Европа телерадиоберүү биримдиги (EBU) мүчөлөрүнүн арасында "ишенимди бекемдөөгө жана калыстыкты сактоого" багытталган реформаларды "ачык колдой турганын" билдирди.
Буга карабастан, EBUнун билдирүүсүнөн кийин дароо эле Израилдин четтетилишин колдогон Испания, Ирландия, Словения жана Нидерландиядагы коомдук телерадиоберүүлөр өз өлкөлөрүнүн кийинки жылы катышпай турганын жарыялашты.
Нидерландия
Нидерландиянын AVROTROS телерадиокомпаниясы өлкөнүн келерки жылы өтүүчү «Евровидение» ыр сынагын бойкот кылаарын билдирди. AVROTROS: “Бардык көз караштарды эске алуу менен, учурдагы шарттарда бул иш-чарага катышуу биздин уюм үчүн негизги болгон коомдук баалуулуктарга туура келбейт деген тыянакка келдик”, — деп билдирди.
Ирландия
Ирландия Израиль катышскан сынакка катышпай турганын билдирди. Ирландиянын телерадиокомпаниясы RTE Европа телерадио бирикмесинин мүчөлөрү Израилдин сынакка катышуусу боюнча добуш бербөө чечимин кабыл алгандан кийин, келерки жылкы Евровидение ыр сынагына катышпай турганын же аны көрсөтпөй турганын билдирди. RTE билдирүүсүндө, Ирландиянын сынакка катышуусунун "Газадагы коркунучтуу адам өлүмү жана гуманитардык кризис эске алынганда кабыл алынгыс" экенин белгиледи.
Испания
Ушндай эле Испаниянын мамлекеттик телеканалдары да Израилдин катышуусуна уруксат берилгенине нааразычылык катары 2026-жылкы Евровидениеден баш тартканын билдиришти. RTVEнын баш катчысы Альфонсо Моралес: "Ок атышпоого жана тынчтык процессине карабастан Газадагы абал жана Израилдин сынакты саясий максаттар үчүн колдонуусу, Евровидениенин нейтралдуу маданий иш-чара катары сактоону барган сайын кыйындатууда,"- деди.
Словения
Словениянын улуттук телерадиокомпаниясы RTV Slovenia өлкөнүн Израилдин катышуусу боюнча добуш берүү чакырыгын четке какканын жарыялады. RTV Slovenia компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Наталья Горщак: "Билдирүүбүз төмөнкүчө: Газада каза болгон 20 000 баланын атынан, эгерде Израиль бар болсо, биз катышпайбыз", - деди.
Бельгия
Бельгиянын фламандиялык телерадиокомпаниясы VRT 2026-жылы Евровидениени көрсөтө турганын жарыялады. Бельгиянын француз тилиндеги телерадиокомпаниясы RTBF быйылкы Евровидениеге катышуучу жөнөтөрү күтүлүүдө, бирок азырынча өз позициясын жарыялай элек.
Исландия
Исландиянын коомдук телерадиокомпаниясы RUV Израилдин Евровидение ыр сынагына катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоону пландап жатканын жарыялады.