ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Путин:"Кагылышууларды тутандырган элементтерди жок кылуу үчүн колубуздан келгенди аткаруубуз керек"
Владимир Путин бул тууралуу Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде билдирди.
Путин:"Кагылышууларды тутандырган элементтерди  жок кылуу үчүн колубуздан келгенди аткаруубуз керек"
Путин: "Чыр-чатактарды козуткан факторлорду жоюу үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек"

Россиянын президенти Владимир Путин куралдуу кагылышууну козуткан элементтерди жок кылуу үчүн колдон келгендин баарын жасоо керектигин айтып: "Биздин ишибиз ушул багытта,- деп кошумчалады.

Кремлдин билдирүүсүнө ылайык, Владимир Путин Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде сөз сүйлөдү.

Путин ШКУнун күчтөнүп жана кеңейип жатканын билдирип: "ШКУ Евразия континентинде гана эмес, дүйнө жүзү боюнча эң ири аймактык уюм болуп саналат. Дүйнө калкынын дээрлик жарымы мүчө өлкөлөрдө жашайт жана дүйнөлүк ИДПнын үчтөн бири ушул өлкөлөргө таандык", - деди.

ШКУнун чоң потенциалга ээ экендигин айткан Владимир Путин мүчө өлкөлөрдүн ар кандай тармактарда кызматташууну өнүктүрүп жатканын, мунун Евразия аймагында тынчтыкка жана туруктуулукка салым кошуп жатканын айтты.

Путин, Россиянын ШКУ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү өткөн жылы 400 миллиард доллардан ашканын белгилеп:"Өз ара төлөмдөрдө улуттук валюталар колдонулат. Россиянын уюмга мүчө өлкөлөр менен болгон операцияларында улуттук валюталардын үлүшү 98%дан жогору",- деди.

Орус лидери Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында башталганын эске салып: "Куралдуу кагылышууну козуткан элементтерди жок кылуу үчүн колубуздан келгендин баарын жасашыбыз керек. Аракеттерибиз ушуга багытталган", - деди.

Иликте
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти
Даниянын чалгын кызматтары орус саботаж ыктымалдуулугуна каршы эскертти
Орусия Москвага багыт алган 37 дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады
АКШнын армиясы Тынч океандын чыгышында бир кемени чөктүрдү