ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Трамптын жаңы элчиси : «Түркия - АКШ союздаштыгы татыктуу деңгээлге чыгарылышы керек»
АКШнын Анкарадагы жаңы элчиси Томас Баррак президент Трамптын Түркия - Америка союздаштыгын бекемдөөнү максат кылгандыгын билдирди. Баррак эки өлкөнүн карым - катнаштарынын «татыктуу деңгээлге» чыгарылышы үчүн иштей тургандарын баса белгиледи.
Трамптын жаңы элчиси : «Түркия  -  АКШ союздаштыгы татыктуу деңгээлге чыгарылышы керек»
/ AA

АКШнын Түркияга жаңы дайындалган элчиси АКШнын президенти Дональд Трамптын максатынын Түркия - Америкалык союздаштыгын «татыктуу деңгээлге» көтөрүү экендигин айтты.

Дүйшөмбү күнү Анкара Эсенбога аэропортунда журналисттерге ата  - бабаларынын жеринде болуудан сыймыктангандыгын айткан Томас Баррак : «Президент Трамптан абдан жөнөкөй  билдирүү менен келдим. Бул билдрүү Түркия жана АКШнын ортосундагы союздаштыкты татыктуу деңгээлге чыгаруу»,- деди. Вашингтон менен Анкаранын ар дайым «мыкты мамиледе» болгонун белгилеген элчи бул карым-катнаштын «өзгөчө» деңгээлге чыгышы керектигин баса белгиледи.

«Президенттин максаты -  эл аркылуу, улуу мамлекеттердин күчтүү лидерлиги аркылуу  ылдамдатылган тынчтык жана гүлдөп  - өнүгүү процессине жетишип Түркия жана АКШны дагы күчтүү, дүйнөнү мыкты жерге айландыруу»,- деп кошумчалады.

Өткөн аптада АКШ сенаты Баррактын Түркия элчиси катары дайындалышын 60 добушка каршы  36 добуш менен  бекиткен.

 Түркиянын стратегиялык мааниси

Белгилүү ишкер жана Трамптын көптөн бери досу болгон Баррак эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар өзгөрүп жаткан мезгилде  Анкарадагы кызматын баштайт.

Баррак өткөн айда сенаттын Тышкы карым – катнаштар комитетинин алдындагы бекитүү отурумунда Түркиянын АКШнын союздашы катары стратегиялык маанисин баса белгилеген.

Түштүк Калифорнияда туулуп өскөн Баррак Түштүк Калифорния  жана Сан Диего университеттеринин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Трамп менен тыгыз байланышы менен белгилүү Баррак  2017 -  жылдагы ант берүү аземинин комитетине жетекчилик кылуу менен бирге  2016 – жылдагы шайлоо өнөктүгүндө маанилүү кеңешчи болгон. 78 жаштагы Баррак 2022 -  жылдын январь айынан  2024 -  жылдын  сентябрь айына чейин кызмат кылган Жефф Флейктин ордуна келди. Элчилик кызматы Флейк кызматтан кеткенден бери бош турган.

Эрдоган менен Трамп «абдан түшүмдүү» сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Дүйшөмбү күнү эрте менен Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Трамп менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн «абдан түшүмдүү, кенен масштабдуу жана жылуу маанайда» өткөндүгүн айтты.

Сүйлөшүүдөн кийин Эрдоган Х платфрмасынан берген билдирүүсүндө : «Бүгүн АКШнын президенти, урматтуу досум Дональд Трамп менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүү абдан түшүмдүү, кенен масштабдуу жана жылуу маанайда өттү»,- деп баа берди.

Өзгөчө коргоо өнөр жайы жана соода тармактарында эки өлкөнүн арасындагы байланыштарды бекемдөө тууралуу чечкиндүүлүктү ырастагандарын айткан президент Түркия  -  АКШ эки тараптуу карым  - катнаштарын, Газа согушун, аймактык жана глобалдык абалдар сыяктуу бир топ теманы карап чыгышкандарын айтты.

«Досум Трамп менен кыска убакытта жолугушабыз деп ойлойм»,- деген Эрдоган бул сүйлөшүүнүн «өлкөлөр үчүн пайдалуу болушун» каалады.

Иликте
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция