ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израилдин кол салуулары уланып жатканда палестиналыктар ысыктан да жапа чегүүдө
Суунун жетишсиздиги, бузулган канализация системалары жана жашоо мейкиндигинин кичирейиши оорулардын тез жайылышына алып келүүдө.
Израилдин кол салуулары уланып жатканда палестиналыктар ысыктан да жапа чегүүдө
A Palestinian, Adham Sabah, 39, lies outside a tent at a camp for displaced people in Khan Younis, Gaza Strip, Wednesday, July 2, 2025. / AP
3 Июль 2025

Рида Абу Хадайед үчүн жай мезгили, Израилдин Газага каршы согушунда аман калуу күрөшүнө дагы бир азапты кошот.

Абанын температурасы 30°Cден ашкан күндүн таңы Хадайеддин жети баласынын ысыкта кыйналган ыйы менен башталат. Жеринен ажыраган үй-бүлө жашап жаткан тар, нейлондон жасалган чатырдын ичинде аба жетишсиз. Сыртта болсо нымдуулук чыдагыс.

32 жаштагы эне балдарына жардам берүү үчүн колуна табак же кагаз алып желпип, аларды сергитүүгө аракет кылат. Эгерде суусу бар болсо, балдарынын үстүнө куюп берет, бирок суу күндөн-күнгө тартыш болуп баратат.

“Электр жарыгы жок. Эч нерсе жок,” - дейт ал тер баскан жүзүн сүртүп. “Балдар уктай алышпайт. Күндүз ыйлап, күн батканга чейин кыйналышат”.

Газадагы ысык аба эки миллион калк үчүн жашоону ого бетер оорлотту.

Суунун жетишсиздиги, бузулган канализация системалары жана жашоо мейкиндигинин кичирейиши оорулардын жайылышына шарт түзөрү темасында жардам уюмдары көптөн бери тынчсызданып келишет.

Аптаптуу жай мезгили Газа калкынын көпчүлүгү таза сууга жетпеген мезгилге дал келүүдө. Алардын көбү чатырларда жашап жатышат.

Газадагы палестиналыктар сууну алуу үчүн алыс аралыкты басып өтүп, ар бир тамчыны үнөмдөөгө аргасыз. Бул да алардын жуунуп, сергип алуусуна тоскоолдук кылат.

“Биз азыр жайдын башында гана турабыз. Абалыбыз өтө оор” - дейт Хадайеддин жолдошу Юсуф.

Израиль үч айга жакын убакыттан бери Газага азык-түлүк, күйүүчү май, дары-дармек жана башка керектүү нерселерди киргизүүгө тыюу салган.

Кудуктардан суу чыгаруу же туздан арылтуу ишканаларын иштетүү үчүн керектүү күйүүчү май дагы деле аймакка жетпей жатат.

Күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам Газадагы ичүүчү суу чыгаруучу жайлардын 40 пайызы гана иштеп жатат, ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгынын акыркы отчетунда бул объектилердин баары кыйроо коркунучунда экени айтылды.

Хадайед үй-бүлөсү, Хан Юнустун чыгышынан көчүрүлгөндөн кийин чатырда жашап жатышат.

“Чатырдагы жашообуз өтө оор. Күндү балдардын башына суу куюп, терилерин сергитүү менен өткөрөбүз,” - дейт Юсуф Хадайед. “Суу ансыз деле тартыш. Сууну алуу өтө кыйын” деп кошумчалады.

ЮНИСЕФтин өкүлү, жакында күйүүчү май киргизилбесе балдар суусап өлүшү мүмкүн экенин эскерткен.

“Мен жана балдарым күндү тердеп өткөрөбүз,” - дейт Рида Абу Хадайеддин 30 жаштагы тууганы Рихам Абу Хадайед. Ал да баласы менен чыгыш Хан Юнустан көчүрүлгөн.

“Балдарыма дары сатып алууга акчам жок,” - деп кошумчалады.

23 жаштагы Мухаммед ал-Авини үчүн болсо эң жаман нерсе ысык эмес, түнкүсүн чатырын каптаган чымын-чиркейлер экенин айтты.

Канализация системаларынын жоктугунан көчөлөрдө таштандылар топтолуп, курт-кумурскалар менен оорулардын жайылышына шарт түзүүдө. Чириген таштандылардын жыты абага жайылууда.

“Түнү бою уктабай, чиркейлердин чакканынан кыйналабыз. Биз дүйнөдөгү эң чарчаган адамдарбыз”,-деди.

Иликте
Орусиянын Одессадагы портко абадан соккусунан бир адам каза болуп, алты киши жаракат алды
Түркия Республикасы Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен жаңы экономикалык келишимге кол коёт
Эрдоган: Глобалдык белгисиздикке карабастан аймактык тынчтык биздин артыкчылыктуу багытыбыз
Дүйнөлүк лидерлер Мюнхенде чогулушат, бул "бульдозер саясаты" тынчсыздануу жаратууда
Немис полициясы ПККны иликтөөдө эки адамды камакка алды
Эрдоган мусулман өлкөлөрүнүн арасында транспорттук интеграцияны күчөтүүгө чакырды
АКШнын Сириядагы он жылдык аскердик катышуусу соңуна чыктыбы?
Колумбия миңдеген адамдарды үй-жайсыз калтырган селдерден кийин өзгөчө кырдаал жарыялады
Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги Батыш Шериадагы Израилдин аракеттерин айыптады
ФИФАнын Дүйнөлүк кубогунда колдонулган билеттер рыногунда баалар асмандап кетти
Түркиянын ULAQ Global компаниясы Сауд Арабиянын SAMI Otonom компаниясы менен келишимге кол койду
ДССУ: Нипах вирусунун жайылуу коркунучу төмөн
Россия кризистен жабыркаган Кубага энергетикалык жардам берет
Хакан Фидан: "АКШ менен Иран ядролук келишим боюнча ийкемдүүлүк көрсөтүүдө"
АКШ Иорданиядан чыгып кеткенден кийин Сирия маанилүү Аль-Танф базасын көзөмөлгө алды