ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Фидан: "Биз өз ара пайданын негизинде Корея менен стратегиялык өнөктөштүктү тереңдете беребиз"
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия менен Түштүк Кореянын атомдук энергия, транспорт, коргоо өнөр жайы жана алдыңкы технология сыяктуу стратегиялык тармактарда ишке ашырыла турган биргелешкен демилгелерди сүйлөшкөнүн айтты.
Фидан: "Биз өз ара пайданын негизинде Корея менен стратегиялык өнөктөштүктү тереңдете беребиз"
Фидан Сеулга расмий сапарынын алкагында Корея университети тарабынан уюштурулган форумда сөз сүйлөөдө. / AA

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сеулдагы жолугушуулардан кийин Түркия менен Түштүк Кореянын ар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө чечкиндүүлүктөрүн дагы бир жолу ырастаганын билдирди.

Бейшемби күнү X баракчасындагы бөлүшүүсүндө Фидан: «Биз соода карым-катнашыбызды өнүктүрүү жана өз ара инвестицияларды көбөйтүү боюнча орток эркибизди тастыктадык»,-деди.

Эки тараптын атомдук энергетика, транспорт, коргоо өнөр жайы жана алдыңкы технология сыяктуу стратегиялык секторлордо ишке ашырыла турган биргелешкен демилгелерди да талкуулаганын маалымдаган министр Фидан, жолугушууларда актуалдуу аймактык жана глобалдык маселелер, өзгөчө Азия-Тынч океан жана Жакынкы Чыгыштагы жагдайлар тууралуу кеңири пикир алмашуу болгонун айтты.

Фидан эки өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюму, MIKTA (Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралиянын расмий эмес шериктештиги) жана G20 сыяктуу эл аралык платформалардагы тыгыз кызматташтыгынын маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктаганына көңүл буруп, Корея университетинде сүйлөгөн сөзүндө болсо эл аралык системанын алдында турган кыйынчылыктарга жана глобалдык системанын келечегине баа берүү менен Түркиянын өз көз карашын ортого салганын баса белгиледи.

Фидан ошондой эле билдирүүсүндө: «Шейиттерибиздин жана ардагерлерибиздин урматтуу элеси эки өлкөнүн түбөлүк достугунун белгиси катары келечек муундарды шыктандырат. Алдыдагы мезгилде Түркия менен Корея Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өз ара пайданын негизинде тереңдетүүнү улантабыз»,-деди.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"