МАДАНИЯТ
2 мүнөт окуу
Туткундардын көз карашы менен «Алабама абагы» даркетүү тасмасы
Тасма Алабама абактарындагы караңгы сырларды ачыкка чыгарып, зордук-зомбулук, мажбурлап иштетүү жана коррупция сыяктуу системалык маселелерди ортого салды.
Туткундардын көз карашы менен «Алабама абагы» даркетүү тасмасы
Туткундардын көз карашы менен «Алабама абагы» даркетүү тасмасы / AP

Туткундардын көз карашы менен «Алабама абагы» даркетүү тасмасы

"Алабама чечими" аттуу даректүү тасманын Санденс кинофестивалында бет ачары болуп, Алабама абактарындагы караңгы сырларды ачыкка чыгарып, зордук-зомбулук, мажбурлап иштетүү жана коррупция сыяктуу системалык маселелерди ортого салды.

Алабама абак системасындагы туткундар даректүү тасма жаратуучуларга коркунучтуу жашоо шарттарын чагылдырган, үрөй учурган кадрларды жиберишти. Эндрю Ярекки жана Шарлотта Кауфман тарабынан даярдалган "Алабама чечими" даректүү тасмасынын бет ачары бул аптада Парк-Ситидеги Санденс кинофестивалында болду.

Ярекки менен Кауфман 2019 -  жылы Алабама абактарына кызыга баштайт. «The Jinx» жана «Capturing the Friedmans» сыяктуу тасмалары менен таанымал болгон бул эки продюсер, алгач бир абактын короосунда  өткөн диний жыйында  диний кызматкердин коштоосунда  чектүү гана жерлерге кирүүгө мүмкүндүк алышкан.

Бул жерде туткундар продюсерлерге ичкеридеги турмуштун чындыктары тууралуу айтып беришет: мажбурлоо менен иштетүү, банги заттар, коркутуулар, зордук  - зомбулук, канчалаган туткундун өлүмү жарылышган чындыктары.

Associated Press  штаттын абак системасындагы маселелер тууралуу кенен маалымат жарыялады. Буларга зордук-зомбулуктун жогорку деңгээли, кызматкерлердин аздыгы, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуунун төмөндөшү жана пандемиялык каражаттарды чоң  абак куруу үчүн колдонуу да кирет.

Бул процессте көптөгөн жылдар системадагы коркунучтуу шарттарды жана коррупцияны ортого чыгарууга аракет кылган абактын активисттери Мелвин Рэй жана Роберт Эрл Консил (башка бир аты "Kinetik Justice") менен байланыш түзүлдү. Активисттер  тыюу салынган мобилдик телефондор аркылуу продюсерлерге маалымат берүүдө жардам беришкен.

Кауфман : «Алардын коопсуздугу тууралуу тынчсыздануудабыз жана бул алар менен биринчи  таанышкан учурдан бери эле ушундай.  Алар бул ишти он жылдан бери жасап жатышат жана тасмада да көрүнгөндөй өч алууларга дуушар болушту. Бирок кандайдыр бир өч алуу боло турган болсо текшере турган жана аларды барып көрүүгө даяр адвокаттар бар»,- деди.

Тасманын биринчи көрсөтүүсүндө Шарлотт Кауфман Консилди телефондо угуп жаткан. Микрофонду  телефонуна жакындатып Консилдин сүйлөгөн сөзүн залга угузушту.

Туткундардын айрымдарынын үй -  бүлөлөрү да көрүүчүлөрдүн арасында эле. Булардын арасында 2019 – жылы Уильям Э.Дональдсон түзөтүү абагында таанылгыс болуп сабалган Стивен Дэвистин апасы Сэнди Рэй да бар эле.

Абактын жетекчилери Дэвистин куралдарын таштабастан, өзүн өзү коргоонун натыйжасында өлтүрүлгөндүгүн  айтышты. Бирок туткундар такыр башка нерсе айтышкан.

Нью-Йоркто 12 жыл абакта отурган Алелур "Алекс" Дуран да тасманы тартууга жардам берген. Жарецки, мурда кызмат кылган бирөөнүн тажрыйбасы болмоюнча бул маселени колго алышпай турганын айтты.

Ярекки буга чейин абакта жаткан бирөөнүн жардамы болбостон бул теманы колго ала албай тургандарын айткан.

Дуран : «Бул тасмадан көргөндөрүбүздүн баары жалпы өлкөдө болуда»,- деди.

Иликте
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды