САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Трамп Гарвард университетин чет өлкөлүк студенттерге тыюу салуу менен коркутту
Трамп администрациясы университетти нааразычылык акциялары жана визасы бар студенттердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу Ички коопсуздук министрлигинин (DHS) талаптарын аткарбагандыгы үчүн айыптоодо.
Трамп Гарвард университетин чет өлкөлүк студенттерге тыюу салуу менен коркутту

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги Гарвард университети Трамп администрациясынын талаптарын аткарбаса, чет элдик студенттерди кабыл алуу укугунан ажырай тургандыгын билдирди. Бул өкмөттүн билим берүү мекемесине каршы таштаган акыркы кадамы болуп саналат.

Ички коопсуздук министри Кристи Ноем шаршемби күнү берген билдирүүсүндө Гарвардга берилген жалпы суммасы 2,7 миллион доллардан ашкан эки грантты токтотконун жарыялады.

Ноем Гарвардга кат жазып, университетте чет элдик студенттик визасы бар кишилердин "мыйзамсыз жана зомбулук аракеттери" тууралуу маалыматтарды 30-апрелге чейин берүүнү талап кылганын айтты жана : "Эгерде Гарвард өзүнүн отчеттук талаптарын толук аткарып жатканын далилдей албаса, анда университет чет элдик студенттерди кабыл алуу укугунан ажырайт", – деп билдирди.

Гарвард бул боюнча комментарий берүү талабына жооп бере элек.

Университеттерге карата коркутуулар

Президент Дональд Трамп администрациясы АКШнын союздашы Израилдин 2023 - жылдан бери Газага карата жасаган кыйратуучу кол салууларына каршы уюштурулган Палестинаны жактаган кампус митингдеринен улам университеттерди федералдык каржылоодон ажыратуу менен коркутууда.

Трамп бул акцияларга катышкандарды антисемиттик жана ХАМАСка жан тарткан тышкы саясат коркунучу катары мүнөздөдү.

Ал эми митингге чыккандар жана айрым еврей топтору, Трамп администрациясынын палестиналыктардын укуктарын коргоону жана Израилдин Газадагы аракеттерине карата сындарды экстремизм жана антисемитизм менен бирдей карагандарын айтышууда.

Трамп администрациясы митингге чыккан айрым чет элдиктерди депортациялоого аракет кылып, өлкө боюнча жүздөгөн визаны жойду.

"Гарвард 53,2 миллиард долларлык фонду менен өз башаламандыгын каржылай алат - DHS муну аткарбайт",- деген Ноем Гарвардда “Америкага каршы, Хамас жактоочусу бир идеологиянын” бар экендигин айтты.

Гарвард буга чейин да кампусунда антисемитизм жана башка басмырлоолорго каршы күрөшүп, академиялык эркиндикти жана нааразычылык билдирүү укугун сактоого аракет кылгандыгын белгилеген.
Дональд Трамп Гарвард университетинин Газа согушуна карата митингдер жана башка маселелер тууралуу талаптарын четке каккандан кийин 2,2 миллиард долларлык федералдык фондду тоңдурду жана университетти салыктан бошотууну жокко чыгаруу менен коркутту.

Каржылоону токтотуу

Трамптын администрациясы өткөн айдын аягында Гарвардга берилген 9 миллиард доллар федералдык контракттарды жана гранттарды карап жатканын жарыялап, маска мандаты жана көп түрдүүлүк, теңчилик жана инклюзия (DEI) программаларын жоюу сыяктуу чектөөлөрдү киргизүүгө чакырган.

Гарвард дүйшөмбү күнү берген маалыматында көзөмөлдү өкмөткө өткөрүп берүү деген мааниге келе тургандыгын белгилеген көптөгөн талапты четке какты. Андан кийин Трамп администрациясы 2,3 миллиард долларлык каржылоону токтотконун жарыялады.

Шейшемби күнү Трамп ошондой эле Гарварддын салыктан бошотулган статусунун да жокко чыгарылышы мүмкүн экендигин айтты. CNN шаршемби күнү билдиргендей, Ички киреше кызматы (IRS) Гарварддын салыктан бошотуусун жокко чыгарууга даярданып жатат жана акыркы чечим жакын арада жарыяланат.

Укук коргоочулар өкмөттүн бул кысымына каршы сөз эркиндиги жана академиялык эркиндиктердин коркунучта экендигин айтышууда.

Трамп администрациясы Колумбия, Принстон, Браун, Корнелл жана Нортвестерн сыяктуу университеттердин каржылоосун токтотту же жойду.

Ошондой эле, ар түрдүүлүк программалары жана трансгендер саясаты сыяктуу маданий маселелер боюнча каржылоону токтотуу менен коркуткан.

Укук коргоочулар Израилдин Газа согушу учурунда анти-мусулмандык аракеттер жана арабдарга карата басмырлоо маселелерин да көтөрүп чыгышты. Бирок Трамп администрациясы бул боюнча эч кандай кадам таштаган жок.

Иликте
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет
Трамп жардамчыларына блокадага даярдануу буйругун берди
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы ок атышууну "адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка" айлантууга чакырды
Мунай баалары АКШнын Иранга карата блокаданы узартуу пландарынан улам көтөрүлдү
Нетаньяху Иран согушу башталгандан бери биринчи жолу коррупция боюнча сот алдына чыкты
Парламент президентти шайлай алган жок; Косово мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоо өткөрөт
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газага кол салууларын улантууда жана бир бала каза болду
Перс булуңунун лидерлери Жиддада саммит өткөрүштү