Сереп салуу
ДҮЙНӨ
5 мүнөт окуу
Глобалдык жылуулук: Адамзат жана планета үчүн бурулуш чекити
Климаттын өзгөрүшүнүн кыйратуучу кесепеттери өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө таасирин тийгизүүдө.
Глобалдык жылуулук: Адамзат жана планета үчүн бурулуш чекити
14 Февраль 2025

Глобалдык жылуулукта 1,5°Сден ашуу критикалык босогону көрсөтүүдө. Бул абал аппаттарды, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүн жана экосистеманын кыйроосун тездетүүдө. Артка кайтууга болбогон чекке жакындап калдыкпы?

2024-жылдын 29-октябрында Испаниянын түштүк-чыгышындагы тургундар 220дан ашуун адамдын өмүрүн алган жана инфраструктурага кеңири зыян келтирген кыйратуучу селдер менен ойгонушту.

Бир жылдык жамгырга барабар нөшөрлөгөн жамгырлардан келип чыккан бул селдер Европада биринчи жолу болгон жок жана глобалдык жылуулук планетаны болуп көрбөгөндөй интенсивдүүлүк жана жыштык менен каптагандыктан акыркысы да болбойт.

Планетабыз илимпоздор көптөн бери эскертип келген критикалык чектерден ашкан, буга чейин эч катталбаган климаттын өзгөрүшүнө дуушар болууда. Акыркы отчеттор көрсөткөндөй, глобалдык орточо температура өнөр жайлашуу мезгилинен мурункуга (1850-1900) салыштырмалуу 1,5°Сден ашык жогорулады.

Бул өсүш жалпы коомчулук үчүн анча чоң эместей сезилиши мүмкүн, бирок бул деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө, тез-тезден жана катуу табигый кырсыктарга жана биологиялык ар түрдүүлүктүн массалык түрдө жоголушуна алып келе турган климаттык кризисти тездетүү аркылуу адамзаттын жана планетабыздын экосистемасынын келечегине коркунуч туудурган кыйроону билдирет.

Дүйнөлүк Метеорология Уюму өткөн айда жарыялаган отчетто парник газдарынын концентрациясынын 2023-жылы рекорддук деңгээлге жетээри белгиленип, алдыдагы жылдарда глобалдык температуранын жогорулай турганы кабарланды. 

Глобалдык жылуулуктун негизги кыймылдаткычы болгон көмүр кычкыл газы атмосферада адамзат тарыхында болуп көрбөгөн ылдамдыкта топтолуп, жыйырма эле жылдын ичинде 10 пайыздан ашык көбөйдү.

Бул өсүш биринчи кезекте казылып алынган күйүүчү майлардын эмиссиясынан келип чыгууда. Бул кооптуу тенденция биздин планетанын артка кайткыс чекке жеткенин жана алдыда келе жаткан климаттык катастрофага карай тездик менен бара жатканын көрсөтүп турат.

Окумуштуулар 2024-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болот деп божомолдошкон. Европа Биримдигинин Коперник программасынын бир бөлүгү болгон Климат өзгөрүүсү кызматы 2024-жылдын 22-июлунун заманбап тарыхтагы эң ысык күн болгонун, глобалдык орточо суткалык температуранын рекорд коюп 17,15°Сге жеткенин жарыялады.

Орточо температуранын жогорулашы жогорку максималдуу жана минималдуу температураларды гана эмес, ошондой эле экстремалдык аба ырайынын ыктымалдуулугун көрсөткөн маанилүү эскертүү белгиси болуп саналат. Алардын арасында Америка Кошмо Штаттарынын кээ бир аймактарында каталган ысык аба ырайы толкундары, Түштүк Европадагы кыйраткыч суу ташкындары жана Түштүк Америкадагы катуу токой өрттөрү бар.

Дүйнө жүзүндөгү адамдар бул экстремалдык аба ырайынын оор кесепеттеринен жапа чегүүдө, анын таасиринин көбү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө байкалууда. Лондон Империал Колледжинин жакында жүргүзгөн изилдөөсү 2004-жылдан бери 570,000ден ашуун адамдын өлүмүнүн 10 катаал климаттык кырсыктарга байланыштуу болгонун көрсөттү. Абанын температурасынын жогорулашы себеп болгон ачарчылыктан 258 миң адам каза тапкан 2011-жылдагы Сомалидеги кургакчылык мунун ачык мисалы.

Жок болуп бара жаткан өлкөлөр

Окумуштуулар өнөр жай ишмердүүлүгүнүн улануусу жана көзөмөлсүз газдын эмиссиясы кылымдын акырына карата глобалдык температуранын 2,7°C жогорулашына алып келет деген пикирде.

Бул коркунучтуу сценарий деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу Бангладеш, Мальдив аралдары жана Египеттин жээк шаары Александрия сыяктуу бүтүндөй мамлекеттердин жана аралдардын суу астында калышын камтыган катастрофалык кесепеттерди алып келүүдө. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирип, экосистемаларды бузуп, дүйнөлүк экономиканы алсыратууда.

Тилекке каршы, экологиялык ресурстарды жана адам ишмердүүлүгүн туура эмес пайдалануудан улам мындай экстремалдык аба ырайынын кесепеттери үчүн жоопкерчилик адамдарда.

Окумуштуулар аба ырайынын кескин өзгөрүшүнүн тездешин атмосферадагы парник газдарынын концентрациясынын жогорулашы менен байланыштырууда, бул да орточо температуранын бир топ жогорулашына алып келүүдө.

Бул кооптуу кырдаал БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришти планетабызды «климаттык тозокко» салыштырып, кайтып келгис чекке жакындап калганын кайра-кайра эскертүүгө түрткү болду.

Жашыл экономикага – аз көмүртектүү, эффективдүү жана экологиялык жактан туруктуу экономикага тезирээк өтүүгө чакырды. Өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан экономикалардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын баса белгилеп, күйүүчү майлардан баш тартууну тездетүүгө басым жасады. Ошондой эле жакыр өлкөлөргө, эмиссияларды азайтууга жана глобалдык жылуулуктун кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн жетиштүү каржылык колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Милдеттенмелер жана саясаттар

Өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнүн эң жаман кесепеттерин болтурбоо үчүн жылуулукту 1,5°Cден төмөн сактоо боюнча Париж келишиминдеги убадаларына карабастан, милдеттенмелер менен иш жүзүндөгү саясаттын ортосундагы ажырым жылдан-жылга кеңейүүдө. Эл аралык жооптор көп учурда көңүлдү калтырган жана көйгөйдүн масштабын чечүүгө жетиштүү эмес деп эсептелет.

Азербайжандагы COP29 төрагалыгы сунуштаган каржылык келишимдин долбоору жакында эле көңүлдү калтырды. Келишим өнөр жай ишмердүүлүгүнөн улам климаттык кризистен тарыхый жактан жооптуу болгон бай өлкөлөрдү 2035-жылга чейин жакыр өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн жыл сайын 250 миллиард доллар бөлүп берүүгө чакырат.

Бирок бул сунуш бардык тараптан сынга кабылды, анткени ал климаттык адаптация үчүн жыл сайын керектелүүчү болжолдуу 400 миллиард долларга жетпейт.

Бул саясаттар адилетсиздик гана эмес, ошол эле учурда миллиондогон адамдардын өмүрү менен ойноодо, өзгөчө Африка жана чакан арал мамлекеттери сыяктуу аялуу аймактарда.

Перспективдүү чечимдер

Климаттык кризистин эң жаман таасиринен качууга дагы эле үмүт бар. БУУ азыркы технологиялар 2030 жана 2035-жылга чейин абага зыяндуу заттардын чыгышын олуттуу түрдө азайта аларын баса белгилейт. Адистер 2030-жылга чейин глобалдык көмүртектин эмиссиясы 45 пайызга азайып, 2050-жылга чейин таза нөлгө жетиши керектигин билдиришти.

Негизги иш-аракеттерге Улуттук Адаптация Пландарын ишке ашыруу, жаңы казылып алынган отун долбоорлорун токтотуу, 2030-жылга чейин казылып алынган отундарды пайдаланууну 30 пайызга кыскартуу, 2040-жылга чейин көмүрдү этап менен чыгаруу жана бай өлкөлөрдүн керектүү каржылоону камсыз кылуусу кирет. Чечимдер ошондой эле токой өстүрүү, калктын аялуу катмарын коргоо, эрте эскертүү системаларын жакшыртуу жана туруктуу жүрүм-турумдар аркылуу маалымдуулукту жогорулатууну камтыйт.

Бул максаттарга жетүү үчүн жеке адамдардан, өкмөттөрдөн жана уюмдардан бекем милдеттенме талап кылынат.

Климаттык кризис бул жөн гана экологиялык кризис эмес, бул биздин адамгерчилигибизди жана кызматташууга жана коллективдүү иштөөгө болгон сыноо. Бүгүнкү күндө биз күбө болуп жаткан апааттар шашылыш чара көрүүгө чакырган коңгуроо болушу керек. Мындай суроо туулат: Биз бул жоопкерчиликти өз мойнубузга алууга даярбызбы же планетабыз артка кайткыс чекке карай илгерилеп баратканда пассивдүү көрүүчүлөр бойдон кала беребизби?

ТийиштүүTRT Global - Global Warming: A tipping point for humanity and the planet

Иликте
Трамп Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн  лидерин Вашингтондо тосуп алат
АКШ менен Сауд Арабия Калифорния чөлүндө биргелешкен аскердик машыгууну башташты
Израиль министри Мамданинин жеңишинен кийин Нью-Йорктогу жөөттөрдү качып кетүүгө үндөдү
Филиппинди каптаган өлүмгө алып келген "Калмаеги" тайфуну Вьетнамды көздөй жылып баратат
АКШ Газа коопсуздук күчү боюнча резолюция долбоорун БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуштады
Израиль Газага 15 палестиналыктын сөөгүн жиберди
Израилдин  Ливандагы дрон менен жасалган кол салуусунда бир адам каза болуп, бирөө жараланды
БУУ: Судандын Кордофан аймагындагы маанилүү шаарга кол салуудан 40 адам каза тапты
БУУ Судандагы ачарчылык кризисинин күчөшү менен ачкачылыктын жайылып жатканын эскертти
Европа Биримдиги: Жаңы мүчөлөр үчүн  максат  2030, Грузия "дмократиялык жактан артка" кетүүдө
Россия Покровск жана Купянск шаарларындагы украиналык аскерлерди куралдарын таштоого чакырды
Сеул Пхеньяндын 7-ядролук сыноого даяр экенин айтты
МАГАТЭ: Иран өзөктүк кызматташтыгын жакшыртуусу керек
Оккупациядагы Батыш Шериада палестин шаарларына Израилдин чабуулдары күчөдү
АКШнын мурдагы вице-президенти Дик Чейни 84 жашында каза болду
АКШ соту: Флорида Кытай жарандарына кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу сала алат