ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Элчи Мехмет Гүллүоглу Палестинага гуманитардык жардамдар координатору болуп дайындалды
Түркия Газага тез арада гуманитардык жардам жеткирүү, убактылуу баш калкалоочу жайларды түзүү жана Палестина анклавын кайра куруу үчүн бардык ресурстарын мобилизациялоодо.
Элчи Мехмет Гүллүоглу Палестинага гуманитардык жардамдар координатору болуп дайындалды
Элчи Мехмет Гүллүоглу Палестинага гуманитардык жардамдар координатору болуп дайындалды / AA

Элчи Мехмет Гүллүоглу Газага гуманитардык жардам иштерин көзөмөлдөө жана тиешелүү мекемелер менен жергиликтүү бийликтердин ортосунда координацияны камсыз кылуу максатында Палестина гуманитардык жардамдар координатору болуп дайындалды.

Гүллүоглу Газага керектүү гуманитардык жардамдарды жана артыкчылыктарды аныктоо үчүн текшерүүлөрдү жүргүзөт, Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктери менен координация түзүп алардын Газадагы ишмердүүлүгүн колдойт. Ошондой эле Түркиядан жөнөтүлгөн жардамдардын Газада муктаж болгондорго эң натыйжалуу жеткирилишин камсыз кылуу үчүн талаада иш алып барган түрк мекемелери менен биргеликте кызмат кылат. Египет жана Иордания аркылуу жөнөтүлө турган жардамдар боюнча жергиликтүү бийликтер менен кеңешип, Газага саламаттыкты сактоо колдоосун, анын ичинде бейтаптарды эвакуациялоону күчтөндүрөт.

Түркиянын Газага гуманитардык жардам көрсөтүүсү

Түркия гуманитардык жардам көрсөтүүдө күчтүү салтка ээ. Кагылышуулар, табигый кырсыктар жана массалык миграциялар уланып жаткан аймакта жайгашкан Түркия, өзгөчө Палестина жана Сирия сыяктуу коңшу өлкөлөр баш болгон дүйнө жүзүндөгү муктаж болгондорго тили, дини, расасы жана жынысына карабастан жардамдарды тез жеткирүүдө.

Израилдин чабуулдары башталгандан бери Түркия Газага эң көп гуманитардык жардам көрсөткөн өлкөлөрдүн бири болду. Бул контекстте Түркия 2023-жылдын октябрь айынан бери Газага деңиз жана аба аркылуу 102 миң тонна гуманитардык жардам жеткирди.

Газадагы ок атышууну токтотуу келишими туруктуу жана жетиштүү гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Газага жардам аракеттеринин уландысы катары Түркия 2025-жылдын 14-октябрында Мерсин портунан Египеттин Эль-Ариш портуна болжол менен 865 тонна гуманитардык жардам ташыган кемени жөнөттү.

Иликте
Россиянын Украинага жасаган кол салуусунда жети киши каза болду
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды