САЯСАТ
4 мүнөт окуу
Израиль-Палестина жаңжалынын тарыхында 7-октябрь эмнени билдирет?
Эмне үчүн 7-октябрь башкача?
00:00
Израиль-Палестина жаңжалынын тарыхында 7-октябрь эмнени билдирет?
/ AA Archive
14 Февраль 2025

7-октябрда Израиль-Палестина жаңжалынын тарыхындагы эски эрежелер жараксыз болуп, дүйнөлүк байкоочулар анын узак мөөнөттүү кесепеттеринен жана потенциалдуу траекториясынан күмөн санашты.       

Израиль-Палестина жаңжалынын тамыры Палестинада жөөттөрдүн мекенин орнотууну максат кылган сионисттик кыймыл пайда болгон 19-кылымдын аягында башталган. Ошондон бери бул аймакта бир катар согуштар, оккупациялар жана козголоңдор болуп келет. 

Бул жаңжал мынчалык катуу тутанган биринчи учур эмес. 1948-жылдагы Араб-Израиль согушу, 1967-жылдагы алты күндүк согуш жана 1982-жылдагы Ливан согушунан, эки Палестин интифадасына чейин аймак сансыз зордук-зомбулукка дуушар болду. Бирок 7-октябрдын өзгөчөлүгү ХАМАСтын Израилдин аймагын кыска убакытка болсо да кармап тура алганы; буга мурда эч бир палестиналык каршылык көрсөтүү тобу жетишкен эмес. 

Хамас согушкерлери Израилдин Газадагы штаб-квартирасы Реим аскерий базасын басып алышты; Бул операцияда базадагы бардык израилдик аскерлер өлтүрүлдү же туткунга алынды. Израилдик күчтөр базаны кайтарып алууга жетишкени менен, бул Израилдин аскердик үстөмдүк сезимин солкулдатты.

Эмне үчүн 7-октябрь башкача?

Көптөгөн палестиналык серепчилердин айтымында, 7-октябрдагы окуялар болуп көрбөгөндөй абал. Палестиналык профессор, жазуучу жана саясий серепчи Камел Хаваш TRT World телеканалына берген билдирүүсүндө, 7-октябрдын Израиль аймагын кармап туруу жагынан өзгөчөлүгүнө токтолду.     

Палестиналык дагы бир академик Сами ал-Ариан да бул пикирди колдоп, ХАМАСтын Израилге көп жолу кол салганы менен, Израилдин аймагын кыска мөөнөткө биринчи жолу кармап турганын айтты.

Албетте муну Израилдин 1973-жылдагы согуштан бери биринчи жолу кол салууга дуушар болгон окуя катары да кошумчалоого болот. Ариан TRT World телеканалына берген билдирүүсүндө, «Бирок бул жолу Израиль 1973-жылдагыдай Синайда Египет жана Голан дөңсөөлөрүндөгү сириялыктар тарабынан эмес, өз аймагында чабуулга дуушар болду»,-деди.

Израиль эки жолу басып алган Синай жарым аралы, алгач 1950-жылдардын аягында жана экинчи катары 1967-1982-жылдары Египеттин аймагы болуп саналат жана 1973-жылдан бери Тель-Авив басып алган Голан дөңсөөлөрү да расмий түрдө Сирияга таандык.

Эл аралык кризис тобунун Жакынкы Чыгыш программасынын директору Жоост Хилтерманн, 7-октябрдын маанилүүлүгүнө токтолуп "Биз буга чейин эч мындайды көргөн эмеспиз" деп бирок бул кандайдыр бир жагынан көптөн бери келе жаткан чыр-чатактын уландысы экенин кошумчалады.

Хилтерманн кол салууну « мурунку болгон нерселердин жыйындысы» деп сыпаттап, 1960-1970-жылдардагы Египет жана башка Араб өлкөлөрү тарабынан колдоого алынган мамлекеттик аракеттерден Интифадаларга жана Израиль менен болгон бир нече Газа согуштарына чейин Палестинанын каршылык көрсөтүүсүнүн ар кандай баскычтарына токтолду.

Кээ бир аналитиктер дагы бир маанилүү Араб-Израиль жаңжалы болуп эсептелген жана октябрдын башында башталган 1973-жылдагы октябрь согушу менен окшоштурушту. Бирок бул жолу Египет менен Сириянын Израиль басып алуусундагы аймактарды бутага алган 1973-жылдан айырмаланып өз чек араларынын ичинде кол салууга дуушар болду.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын чабуулдарынан 1180 израилдик, көбүнесе карапайым адамдар каза таап, 2400ү жарадар болду; Палестиналык каршылык көрсөтүү тобу Газада 251 кишини барымтага алды. Кол салуудан кийин Израиль көбү аялдар менен балдардан турган 42 миңдей палестиналыкты өлтүрдү.

7-октябрда эмне өзгөрдү?

7-октябрга чейин Израиль Жакынкы Чыгышта көптөгөн жылдардан бери уланып келе жаткан саясий теңдеменин, негизинен мусулман араб аймагында жөөт мамлекетинин бар экенин таануудан баш тарткан бул теңдеменин өз пайдасына өзгөргөнүнө ишенген. Кээ бир араб мамлекеттери Трамп администрациясынын ортомчулугунун аркасында Израиль менен мамилелерин нормалдаштыра баштаган.

Палестиналык жазуучу жана аналитик Рамзи Баруд бул нормалдашууларга, Палестина бийлигинин маргиналдашуусуна жана Газа курчоосуна токтолуп: «7-октябрга чейин Израиль Палестинадагы отурукташуу- колониялык долбоорунун акыркы бөлүмүн жазып жаткандай көрүнгөн. Палестина жетекчилигин дээрлик толугу менен баш ийдирип, Палестинага арабдардын колдоосунун болжолдуу биримдигин бузуп жана Батыш Шерианын чоң бөлүгүн аннексиялоого даярданып жаткан эле»,-деди.

Баруд Нетаньяхунун 2023-жылдагы БУУдагы сөзүн "тарыхтагы кыйраткыч учурдун туу чокусу" деп мүнөздөгөн; Израилдин премьер-министри бул сөз сүйлөөсүндө Палестина аймактарын кошпогон картаны көрсөтүп, аны “Жаңы Жакынкы Чыгыш” деп атаган. Нетаньяхунун көз карашында: "Палестина саясий реалдуулук катары болгон эмес жана палестиналыктардын улут катары эрки жана каалоолору мындан ары маанилүү эмес эле",-дейт Баруд.  

Бирок, Нетаньяхунун БУУдагы сөзүнөн эки жума өткөндөн кийин 7-октябрдагы күтүүсүз окуялар бардыгын өзгөрттү.

7-октябрдагы чабуул Хамаска Израилдин Жакынкы Чыгыш менен интеграциясын, өзгөчө Индия-Жакынкы Чыгыш-Европа экономикалык коридору аркылуу "жаңы согуш баштап" абдан натыйжалуу түрдө үзгүлтүккө учуратууга мүмкүндүк берди. Бирок Хамас жалпысынан анчалык деле ийгиликке жетпегенине ишенет.

Аймактык чагылуулар

Израилдин эл аралык позициясы кысымга кабылды. Батыш өлкөлөрү, өзгөчө Европада Израилдин аракеттерин катуураак сындады. Ал арада палестин колдоочулары дүйнөлүк коомчулуктун алдында көбүрөөк колдоо алды.

7-октябрдан кийин Израилдин аймактык дипломатиясы, өзгөчө нормалдашуу жолунда бараткан Сауд Арабия менен сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурады. Сауд Арабия Газадагы кыргынды кабыл алынгыс деп эсептегендиктен Тель-Авив менен нормалдашуудан баш тартты. Түркия, Түштүк Африка жана Иран сыяктуу өлкөлөр Израилдин аракеттерин сындап, БУУда Кытай жана Орусия өңдүү ири державалар Израилдин жүрүм-турумуна тынчсызданууларын билдиришти.

БУУнун адистери Израилди "четтетилген" мамлекетке айлануу коркунучу бар экенин эскертишти. АКШдан айырмаланып эки чоң мамлекет Кытай жана Орусия БУУнун платформаларында Израилдин Ливандагы пейджер жана рация чабуулдарын айыпташты. Испания жана Ирландия өңдүү кээ бир европалык мамлекеттер да Тель-Авивди мындан аркы мыйзам бузуулар тууралуу эскертишти.

Баруд, Газа менен катар Израилдин оккупациясына жана адам укуктарынын бузулушуна каршы глобалдык мыйзамдуулуктун жаңы формасы пайда болгонун жактайт.

7-октябрь Израиль-Палестина жаңжалынын көрүнүшүн да өзгөрттү. Бир кезде саясий теңдеме деп эсептелген, Израилдин көзөмөлүндө жана Палестинанын үмүтү өчкөн нерсе эми белгисиздикке айланды. Бул кол салуу Израилдин алсыз жактарын ачыкка чыгарып гана тим болбостон, Палестина маселесин чечмейинче Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетишүү мүмкүн эместигин дагы бир жолу ырастады.

Иликте
Түркия Конго Демократиялык Республикасы жана Руанда ортосундагы тынчтык келишимин кубаттады
Израиль күчтөрү Сириянын Кунейтра элет жерине жаңы кургактагы операция жүргүздү
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Тышкы иштер министри Фидан 23-Доха форумуна катышат
Путин менен Моди АКШнын кысымы күчөгөн учурда Нью-Делиде соода жана Украинадагы согушту талкуулашты
Түркия Кара деңиздеги кол салуулар боюнча Украинанын жана Орусиянын элчилерин чакыртты
"Эл аралык коомчулук аймактык туруктуулукту коркуткан Израилге каршы аракетке өтүшү керек"
Израилдик күчтөр оккупациядагы Батыш Шериада беш тарыхый экспонатты тартып алышты
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду