САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Кремль: Шарттар аткарылса Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу мүмкүн
Сумы облусундагы кичи автобуска карата жасалган өлүмчүл кол салуу Стамбулдагы туткундарды алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр жана ок атышпоо чакырууларынан кийин болду.
Кремль: Шарттар аткарылса Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу мүмкүн
/ Public domain

Кремль Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен  сүйлөшө аларын, бирок мунун эки өлкөнүн арасында белгилүү темаларда макулдашуу түзүлө алса гана мүмкүн болорун билдирди.

 Кремлдин катчысы Дмитрий Песков бул темалардын эмне экендигин билдирген жок, Путин менен Зеленский 2019 -  жыл декабрь айынан бери жолугуша элек.

Тогуз жаран каза болду

 Украиналык жетекчилер Россияга таандык учкучсуз учуучу аппаратынын  ишемби күнү Украинанын түндүк чыгышындагы Сумы  облусунда бир жүргүнчү автобусуна кол салгандыгын жана тогуз кишинин каза болгонун, төрт кишинин жаракат алгандыгын билдирди.

Бул кол салуу Москва менен Киевдин көп жылдардан кийинки биринчи түз тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу түзүлбөстөн  болду.

«Бул Россиянын башка бир кылмышы – эч бир коркунучу болбогон жарандык бир унаага атайын жасалган кол салуу»,- деген сөздөр Сумы облусунун башкаруусу тарабынан Телеграм кабарлашуу тиркемесинен бөлүшүлдү.

Сумы аскердик администрациясы Билопилля шаарынын жакындарында Сумы тарапка бараткан автобустун «орустар тарабынан бутага алынганын» билдирди.

Украинанын Сумы чек ара аймагы март айынан бери Москванын барган сайын күч алган өлүмчүл бомбалоолоруна дуушар болууда. Бул жагдай Украина күчтөрүнүн 2024 – жылдын жай айларынан бери  жарым-жартылай көзөмөлгө алган Россиянын Курск облусунан чыгышынан кийин башталды.

Бул акыркы кол салуу жума күнү Россиянын Украинанын чыгышындагы Донецк жана түштүк чыгышындагы Херсон облустарына жасаган кол салууларында үч кишинин каза болушунан кийин ишке ашты.

ТийиштүүTRT Global - Russian official reports 'good results from Moscow-Kiev direct talks in Istanbul

Эң чоң туткун алмашуу

Москванын  2022 -  жыл февраль айындагы толук басып алуу аракетинен кыска убакыттан кийин  2022 -  жылдын жазында Стамбулда жолугушкан. Ал күндөн бери Украина жана Россиянын ортосунда өткөрүлгөн биринчи түздөн түз сүйлөшүү болгон бул акыркы жолугушуу эки тараптын  1000 туткунду алмашуу боюнча конкреттүү келишимге жетиши менен аяктады.

Бирок, үч жылдан ашык убакыттан бери уланып, Украинанын көп бөлүгүн талкалап, миллиондогон адамдарды жер которууга мажбур кылган жаңжалды токтотууга багытталган кандайдыр бир жылыштын белгиси байкалган жок.

Россиянын башкы сүйлөшүүчүсү Владимир Мединскийдин айтымында, эки тарап тең “келечекте мүмкүн болгон ок атышпоо келишими боюнча өз идеяларын сунушташты”.

Украинанын башкы сүйлөшүүчүсү коргоо министри Рүстем Умеров «кийиник кадамдын» Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Россиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда жолугушуу болорун айтты. Россиянын бул талапты  эске алгандыгын белгиледи.

Лидерлердин жолугушуусунун дареги катары Түркияны көрсөткөн Владимир Путин кийинчерээк Стамбулга баруудан баш тарткан жана  Зеленский Путинди «коркуп жатат» деп ал эми Россияны сүйлөшүүлөрдү «олуттуу кабыл албоо» менен айыптаган.

ТийиштүүTRT Global - Türkiye plays the peacemaker as Putin, Zelenskyy seek truce in Istanbul

Шартсыз ок атышпоо

Зеленский Франция, Германия, Британия жана Польшанын лидерлери да араларында болгон лидерлер менен биргеликте Албанияда өткөрүлгөн Европа саммитине катышты. Саммитте Стамбул сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз боло турган болсо дүйнөдөн "күчтүү реакция" жана жаңы санкцияларды талап кылды.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон эгерде Москва "шартсыз ок атышууну" четке кагууну уланта турган болсо Европа өлкөлөрүнүн АКШ менен биргеликте Россияга каршы кошумча санкцияларды киргизүү боюнча иштеп жатканын айтты.

Москва да, Вашингтон да Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосунда кагылышуу боюнча жолугушуу өткөрүлүшү керектигин баса белгилешти.

Трамп Путин менен бетме  - бет сүйлөшпөстөн кагылышуу тууралуу «эч нерсенин болбой тургандыгын» айтты.

Стамбул сүйлөшүүлөрү учурунда бир украиналык булак АФПга Россиянын Украинанын тышкы иштер министрлигинин катчысы  Георгий Тихий «кабыл алынгыс» деп мүнөздөгөн жер талаптарын ортого салгандыгын айтты.

Москва Украинадан 2022-жылдан бери жарым-жартылай басып алган төрт аймакты жана 2014-жылы аннексиялап алган Крымды талап кылууда.

Иликте
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Орусия Москва Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кысым көрсөтпөгөнүн айтты
Россия: "Киевдин позициясы кризисти тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууда"
Кыргызстан Кытайдын Кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү чечимин кубаттады
Түркиянын аймактык ролу Ирак багытында мунай агымын көбөйтүү максаты менен чыңдалат
Израиль түнү менен Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Эгер жаңы согуш башталса, дагы да кыйратуучу куралдарды колдонобуз"
Зеленский Киевге жасалган кол салууларда каза болгондордун саны  12ге жеткенин билдирди
Түштүк Корея: "Түндүк Кореяда 80-120 ядролук курал бар деп болжолдонууда"
НАТО Орусиянын Калининград облусунуна жакын аймакта аба машыгуусун өткөрдү
Иран: АКШнын "Экономикалык D-Day операциясы" өзүнүн кризисин жашыруу аракети
Румыниянын Украина чек арасына жакын токойлуу аймакка бир жума ичинде экинчи жолу дрон кулап түштү
НАТО Ирандын Европадагы АКШ объектилерине карата ыктымалдуу кол салууларына даяр