ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран Израилди айыптады
Израилдин Газадагы геноцидинин экинчи жылында Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран эл аралык коомчулукту адилеттиктин кыйрашы жана тереңдеп бараткан гуманитардык кризис тууралуу эскертти.
Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран Израилди айыптады
Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран Израилди айыптады / Anadolu Agency

Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран шейшемби күнү кол салуулардын экинчи жылында 67 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган окуяларды эскерүү билдирүүсүндө, Израилдин Газадагы аракеттерин системалуу геноцид жана басып алуу чындыгы деп сыпаттады.

Түркиянын NSosyal социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө Дуран бул кырдаалды “Палестина элинин гана трагедиясы эмес, эл аралык тартипти, мыйзам үстөмдүгүн жана негизги адамдык баалуулуктарды суроо алдында койгон уяттуу окуя” деп мүнөздөдү. Дуран ошондой эле эл аралык коомчулуктун унчукпай калышы адилеттик механизмдердин кыйраганын дагы бир жолу ачыкка чыгарганын белгиледи.

Дуран шейшемби күнү Израилдин Газага карата 2023-жылдын 7-октябрында баштаган кол салууларынын жана андан кийинки геноциддин экинчи жылдыгы экенин эске салып: “Бомбалоолор, блокадалар жана системалуу кыйратуу миңдеген жай тургундардын, анын ичинде аялдар менен балдардын өмүрүн алды. Дүйнөнүн көз алдында бир эл өз жеринен жана эң негизги укуктарынан ажыратылды. Газадагы болуп жаткандар ‘жаңжал’ эмес; системалуу түрдө жүргүзүлгөн геноцид жана оккупация чындыгы болуп саналат” деди.

Дуран Түркиянын бул чындыкты башынан бери ачык айтканын, адилеттүүлүктүн, адамдык ар-намыстын жана эзилгендердин жанында турганын белгилеп “Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде дипломатиялык платформаларда да, гуманитардык жардам жаатында да бул позиция чечкиндүү түрдө уланып жатат. Палестиналыктардын үнү угулуп, адилеттик орногонго чейин ушул күрөш уланат»,-деп кошумчалады.

Дуран ошондой эле аймакта уланып жаткан гуманитардык кризиске багытталган «Бүтпөгөн геноцид: Газа» аттуу видеону да бөлүштү.

Иликте
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды
Дүйнөлүк кубоктун ээси Испания
Тышкы иштер министри Фидан катардык кесиптеши менен жолугушту