Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Суданда жетиштүү тамактанбаган балдар холера жана кызамык сыяктуу өлүмгө алып келүүчү ооруларга көбүрөөк чалдыгарын билдирди.
Гебрейесус Судандагы кырдаал тууралуу X социалдык тармагындагы аккаунтунда билдирүү жасады.
Ал Судандагы азык-түлүк коопсуздугуна жана жетишсиз тамактанууга байланыштуу кырдаал өтө тынчсыздандырарын белгиледи. Ошондой эле Азык-түлүк коопсуздугунун фазаларын интеграцияланган классификациялоо тутуму (IPC) өлкөдө ачарчылык жана жетишсиз тамактануу кеңири жайылганын, анын ичинде жер которгон адамдар жайгашкан эки лагерде ачарчылык катталганын эскерткенин айтты.
Гебрейесус Судандагы кагылышуулар жана Эль-Ниньо кубулушунан улам келип чыккан кургакчылык кризисти ого бетер курчутушу мүмкүн экенин белгиледи.
ДССУ Суданда иштеп жаткан 161 тамактануу борборунун баарын колдой турганын билдирген Гебрейесус төмөнкүлөрдү айтты: «2026-жылдын январь айынан август айына чейин ДССУ колдогон кызматтар курч жетишсиз тамактануудан жана ага байланыштуу медициналык кыйынчылыктардан жабыркаган 26 миңден ашуун баланы дарылады. Бирок муктаждыктар колдо болгон ресурстардан ашып, гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүүлүгү дагы көптөгөн адамдардын өмүрүн коркунучка кептөөдө.
Ачарчылык — жөн гана азык-түлүк кризиси эмес, саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал. Жетиштүү тамактанбаган балдар Суданда жайылып жаткан холера жана кызамык сыяктуу өлүмгө алып келүүчү ооруларга көбүрөөк чалдыгышат».
Гебрейесус Судандагы кагылышууларды токтотууга, гуманитардык жардамды коопсуз жана үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууга, ошондой эле адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн каржылоону көбөйтүүгө чакырды. Ал тынчтыктын «эң мыкты дары» экенин баса белгиледи.
Судандагы кагылышуулар
Суданда 2023 - жылдын 15 - апрелинен бери армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (RSF) ортосундагы куралдуу кагылышуу улантылууда.
Кагылышуу өлкөнүн айрым аймактарында ачарчылыкка, он миңдеген адамдын өлүмүнө жана болжол менен 13 миллион адамдын жер которуусуна алып келди.
Судандагы кагылышуу дүйнөдөгү эң ири гуманитардык кризистердин бирин жаратууда.




















