Иран чектөөлөрдү жумшартууда: каза болгондордун саны өсүп, чет өлкөгө чалууларга уруксат берилди

Көзөмөл уюмунун отчетуна ылайык, Иран боюнча интернеттин үзгүлтүккө учурашы 108 сааттан ашты. Ал эми активисттер бул чектөөлөр нааразычылык акцияларына карата кысымдын масштабын жашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн экенин айтышууда.

By
Иран полициясынын кызматкерлери 2026-жылдын 12-январында Ирандын Тегеран шаарындагы өкмөтчүл митингди кайтарууда. / Reuters

Иран шейшемби күнү жарандарына карата айрым чектөөлөрдү жумшартып, бир нече күндөн бери биринчи жолу уюлдук телефондор аркылуу эл аралык телефон чалууларга уруксат берди.

Өкмөткө каршы кан төгүлгөн нааразычылык акцияларында каза болгондордун саны кеминде 646га жетти, ал эми интернетке карата чектөөлөр жоюлган жок жана кабарлашуу кызматтарынын кайрадан ачылышына уруксат берилбеди. Борбор шаар Тегерандагы бир нече адам Associated Press агенттигине ирандыктардын чет өлкөгө чала аларын бирок өлкө тышындагылардын аларга чала албай таурганын билдиришти.

Аттарынын жашыруун калуусу шарты менен маалымат берген күбөлөр SMS билдирүү системасынын азыр да жабык экендигин Ирандын ичиндеги интернет колдонуучулардын мамлекет тарабынан бекитилген веб-сайттарга кире алаарын, бирок өлкөдөн тышкары эч нерсеге кире албастыгын айтышты. Бейшемби күнү кечинде бийлик тышкы дүйнө менен болгон бардык байланышты үзгөндөн кийин чектөөлөр жумшартылабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Интернетти өчүрүү

Шейшемби күнү бир байкоочу уюм билдиргендей, Иран бийлиги тарабынан киргизилген өлкө боюнча интернеттин чектелиши 108 сааттан ашты.

Netblocks X аркылуу жасаган акыркы билдирүүсүндө: "Ирандын өлкө боюнча интернетти өчүрүп, ирандыктарды дүйнөнүн калган бөлүгүнөн жана бири-биринен обочолонтуп жатканына 108 саат болду", - деп айтылды.

Израиль эскертүүдө

Израиль армиясы Иранда уланып жаткан нааразычылык акцияларынан улам "күтүлбөгөн сценарийлерге каршы сак" болууну улантып жатканын, бирок конкреттүү коркунучтун алдында жасагандай жарандарга карата көрсөтмөлөрдө эч кандай өзгөртүү киргизбегенин билдирди.

Израилдин аскердик катчысы,генерал Эффи Дефрин X сайтына "Ирандагы нааразычылык акциялары - бул ички маселе" деп жазган.

Израиль жайында Ирандын өзөктүк программасына кол салып, 12 күндүк согушка алып келип, болжол менен 1200 ирандыктын жана 30га жакын израилдиктин өлүмүнө алып келген.