Хамас Трамптын Газа тынчтык келишимин карап жатат, жакында жооп берет

ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед Наззал топтун акыркы жообун берүүдөн мурда ар кандай фракциялар жана ортомчулар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.

ХАМАС лидери Мохаммед Наззал / Reuters

Хамастын жогорку мартабалуу лидери АКШнын президенти Дональд Трамп сунуш кылган Газа тынчтык планына жакында жооп бере тургандарын билдирди.

Мохаммед Наззал Дохада Аль - Жазира телекөрсөтүүсүнө берген маегинде : “Хамас каршы чыгууларга карабастан планга олуттуу карап жатат”,- деди.

Наззал кыймылдын “убакыт кысымы жана коркутуулардан лаыс” түшүнүктү жаратууга аракет кылганын белгилеп палестиналык топтор, көз карандысыз ысымдар жана ортомчулар менен ички жана тышкы сүйлөшүүлөрдү эмитеден баштаганын айтты.

Наззал Хамастын акыркы жообу «Палестина элинин кызыкчылыктарын жана Палестинанын ишинин стратегиялык негиздерин эске алат» деп билдирди.

Трамптын планы

Ак үй 29-сентябрда бул маселе боюнча кеңири план сунуштап, анда Газада дароо ок атышууну токтотуу, андан кийин кайра куруу жана аймактын саясий жана коопсуздук структураларын кайра түзүү каралганы айтылган.

План Газаны демилитаризацияланган аймакка айландырууну жана Трамптын түздөн-түз көзөмөлүндөгү жаңы эл аралык байкоочу орган тарабынан башкарууну талап кылат.

План ошондой эле Хамас тарабынан кармалып турган бардык израилдик туткундарды план бекитилгенден кийинки 72 сааттын ичинде бошотууну жана ага жооп катары Израилдин түрмөлөрүндөгү жүздөгөн палестиналык туткундарды бошотууну камтыйт.

Документте кастыкты токтотуу, Палестина каршылыгын куралсыздандыруу жана Израилдин Газадан акырындык менен чыгып кетүүсү керектиги каралган.

Андан кийин аймакты АКШ президенти жетектеген эл аралык көзөмөл астындагы технократиялык бийлик башкарат.

Трамп Хамаска өзүнүн сунушуна жооп берүү үчүн «үч же төрт күн» убакыт берилерин, бул план Газадагы эки жылга жакын созулган согушту токтото аларына ишенерин айтты.

Израилдин Газадагы кыргындары

Израиль армиясы 2023-жылдын октябрынан бери Газада геноцид жүргүзүп, көбү аялдар жана балдар болгон 66 миңден ашуун палестиналыкты өлтүрдү жана эл аралык ок атышууну токтотуу чакырыктарын четке какты.

Бул санга ураган үйлөрдүн урандыларынын астында калган болжолдуу 11 миң палестиналык кирбейт.

Эксперттер, бирок, чыныгы өлүм көрсөткүчү Газадагы бийликтер билдиргенден бир топ жогору экенин, болжол менен 200 миңге жетиши мүмкүн экенин айтышууда.

Эл аралык кылмыш соту Нетаньяху жана мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алуу ордерлерин чыгарды.

Израиль ошондой эле Газадагы согушу үчүн Эл аралык сотто геноцид иши менен бетме-бет келүүдө.

БУУ Израиль Газада геноцид жүргүзгөн деген жыйынтык чыгарды

Бириккен Улуттар Уюму жана укук коргоо уюмдары бул аймактын жашоого жараксыз болуп бара жатканын, ачарчылык жана оорулардын гуманитардык кризисти күчөтүп жатканын бир нече жолу эскертишкен.

Вашингтон Израилге жыл сайын 3,8 миллиард доллар аскердик жардам бөлөт.

2023-жылдын октябрынан бери АКШ Израилдин Газадагы геноцидин жана коңшу өлкөлөрдөгү согушун колдоо үчүн 22 миллиард доллардан ашуун каражат сарптады.

АКШнын айрым жогорку даражалуу жетекчилери Газадагы жарандардын өлүмүнүн жогорку көрсөткүчүнө байланыштуу Израилди сынга алса да Вашингтон ушул убакка чейин курал-жарак берүүнү кандайдыр бир шарттарга байлоо чакырыктарын четке кагууда.

Америкалык аналитикалык борборунун Тышкы байланыштар кеңешинин маалыматы боюнча, АКШ 1946-жылдан бери Израилге инфляцияга ылайыкташтырылган 310 миллиард доллардан ашык аскердик жана экономикалык жардам көрсөттү.