ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Афганистан 6,3 баллдык жер титирөөдөн кийин урандыларды тазалоо иштерин баштады
Афган бийликтери түндүктөгү Мазари-Шариф шаарынын жакынында болгон жер титирөөдөн кеминде 20 адамдын каза болгонун жана шаардын тарыхый Көк мечитинин зыян тартканын билдирди.
Афганистан 6,3 баллдык жер титирөөдөн кийин урандыларды тазалоо иштерин баштады
Афганистан 6,3 баллдык жер титирөөдөн кийин урандыларды тазалоо иштерин баштады. / AP

Афганистандын түндүгүндө болгон 6,3 баллдык жер титирөөдөн кеминде 20 адам каза болуп, 1000ге жакын адам жаракат алды. Шейшемби күнү жабыркаган аймактарда урандыларды тазалоо иштери башталды.

Жер титирөө дүйшөмбү күнү эртең менен Мазари-Шариф шаарына жакын жерде болгон. Жетекчилер бул кырсыктан кеминде 20 адам каза болуп, шаардын тарыхый Көк мечити да жабыркаганын билдиришти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистандагы Гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгынын акыркы маалыматына ылайык, 945 адам жаракат алган.

Афганистандын Улуттук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына караганда, жүздөгөн үйлөр толугу менен же жарым-жартылай кыйраган. Кыш жакындап, температура нөлдөн төмөн түшүп жаткан учурда мындай кырдаал жардам уюмдарын тынчсыздандырууда.

Шейшемби күнү жер титирөөнүн очогуна жакын жайгашкан Танги Ташкурган аймагында тургундар урандыларды тазалап, жабыркаган имараттарды бекемдөөгө аракет кыла баштады.

Жергиликтүү бир дүкөн ээси Мухаммед Ясин жер титирөөдөн ондогон үйдүн жабыр тартканын же кулаганын айтты.

Ясин: "Дүкөндөрдүн ичине кирсеңиз азыр кулап түшчүдөй сезилет; балким азыр, балким 10 мүнөттөн кийин," - деди.

Бул кырсык ансыз да бир нече кризис менен күрөшүп жаткан Афганистандагы Талибан башкаруусу үчүн дагы бир сыноо болду. Өлкөдөгү башка кризистердин арасында август айында чыгышта миңдеген адамдын өмүрүн алган жер титирөө, тышкы жардамдын азайышы жана коңшу өлкөлөрдүн афган качкындарынын массалык депортациялоо сыяктуу маселелер да бар.

Бириккен Улуттар Уюму, Индия жана Кытай Афганистанга жардам берүүгө убада беришти. Индия Талибандын убактылуу өкмөтү менен карым - катнаштарын жумшартууну көздөсө, Кытай шейшемби күнү жардам көрсөтөрүн билдирди.

Тоолуу Афганистан ар кандай табигый кырсыктарга дуушар болгон өлкө, бирок эң көп адам өлүмүнө жер титирөөлөр себеп болууда. Жер титирөөлөрдөн жыл сайын орточо эсеп менен 560 адам каза болуп, болжол менен 80 миллион доллар зыян келтирилгендиги болжолдолууда.

Курулуштун сапатынын начардыгы дагы адам өлүмүн көбөйткөн дагы башка бир фактор. Эксперттер жаңы курулуштарды жер титирөөгө чыдамдуу кылып курууну жана учурдагы курулуштардын урап калуу коркунучун азайтуу үчүн аларды бекемдөөнү сунушташты.

Иликте
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды