ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Стамбулда УЕФАнын кеңсесинин ачылышында сөз сүйлөдү
Президент Эрдоган аземде Түркиянын дүйнөлүк спорттук иш-чараларды уюштурууга даяр экендигин айтты.
Эрдоган  Стамбулда УЕФАнын кеңсесинин ачылышында сөз сүйлөдү
24 Апрель 2025

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын эл аралык спорттук иш-чараларды уюштурууда далилденген тажрыйбасы жана дүйнөлүк деңгээлдеги инфраструктурасы менен Олимпиада оюндарын өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

Эрдогандын билдирүүлөрү бейшемби күнү  Европа футбол ассоциациялары биримдигинин (УЕФА) жаңы кеңсесинин Стамбулда ачылыш аземинде жасалды. Кеңсе Түркиянын Италия менен бирге өткөрө турган 2032 Европа футбол чемпионатына (Евро-2032) даярдыктын алкагында түзүлдү.

Аземде сөз сүйлөгөн Эрдоган Түркиянын чоң эл аралык турнирлерди өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көптөгөн жолу далилдегендигин айтты. Өлкөнүн Олимпиадалар менен бирге бардык дүйнөлүк спорттук иш – чараларды өткөрө ала турган мүмкүнчүлүккө ээ экендигин баса белгиледи.

Президент Түркиянын ишенимдүү жана тажрыйбалуу үй ээси катары өсүп бара жаткан аброюн баса белгилеп, өлкөнүн УЕФА менен көп убакыттан бери улантылып келе жаткан кызматташуусуна жана Стамбулдун жогорку деңгээлдеги  футбол оюндары үчүн  тандалгандыгына көңүлдөрдү бурду.

УЕФА кеңсеси Түркиянын Европа футболундагы ролун бекемдеп жатат

УЕФАнын Стамбулда кеңсе ачуу чечими Түркиянын Европа футболунда жана жалпы дүйнөдө уюштурулган спорттук мелдештерде өсүп жаткан маанисинин бир белгиси катары чечмеленүүдө.

Кеңсе Түркия менен Италиянын ортосундагы Euro-2032 турнирин уюштуруу жана координациясында борбордук роль ойнойт.

Президент Эрдоган катышуучуларга Түркиянын акыркы жылдарда өткөргөн түрдүү УЕФА финалдарын эске салды. Булардын арасында Ливерпуль жана АС Миландын ортосунда болгон УЕФА 2005  чемпиондор лигасынын финалы да бар. Бул финал тарыхтын унутулгус футболдук беттештеринин бири катары кабыл алынууда. Өзгөчө 2009  УЕФА кубогунун финалы, 2019 -  жылдагы УЕФА Супер кубогу жана акыркы болуп  2023 УЕФА чемпиондор лигасынын финалы да аталды.

Жаңыланган Олимпиада көз карашы

 Эрдоган ар бир иш  -  чаранын Түркиянын уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрүнүн далили, заманбап структурасы жана спортко болгон ышкысынын көрсөткүчү экендигин белгиледи.

Түркия эч качан Олимпиада оюндарын өткөрбөсө да, акыркы он жылдыкта бир нече жолу талапкер болгон. Эң көрүнүктүүсү 2020-жылдагы  Жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн кайрылуусу болду. Эрдогандын билдирүүсүнө Түркиянын келечекте Олимпиадалык мүмкүнчүлүктөрдү изденүүнү уланта беришинин белгиси катары каралууда.

Түркия жана Италия биргелеше өткөрө турган Euro-2032 турнири өлкө үчүн маанилүү бурулуш жери болот. Буга чейинки жеке талапкерликтер ийгиликсиз болгон. Бул кызматташуунун мындай чоң турнирди өткөрүнүн логистикалык жана финансылык жүгүн жеңилдетиши, өзгөчө Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда спорттук байланыштарды бекемдөөсү күтүлүүдө.

 

Иликте
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Тышкы иштер министри Фидан 23-Доха форумуна катышат
Путин менен Моди АКШнын кысымы күчөгөн учурда Нью-Делиде соода жана Украинадагы согушту талкуулашты
Түркия Кара деңиздеги кол салуулар боюнча Украинанын жана Орусиянын элчилерин чакыртты
"Эл аралык коомчулук аймактык туруктуулукту коркуткан Израилге каршы аракетке өтүшү керек"
Израилдик күчтөр оккупациядагы Батыш Шериада беш тарыхый экспонатты тартып алышты
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду
Азияда болгон жаан-чачындан кийин жардам жана куткаруу иштери улантылууда
Сурамжылоого караганда, европалыктардын дээрлик жарымы Трампты "Европа үчүн коркунуч" катары көрүшөт