ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Газага жардам флотунан кармалган түрк жарандары чартердик рейс менен Түркияга келиши күтүлүүдө
Тышкы иштер министрлигинин катчысы "Глобалдык Сумуд" флотилиясындагы түрк жарандары жана айрым чет элдик катышуучулар чартердик рейс менен Түркияга жеткирилиши күтүлүп жатканын билдирди.
Газага жардам флотунан кармалган түрк жарандары чартердик рейс менен Түркияга келиши күтүлүүдө
Израиль Аскер-деңиз флоту тарабынан кармалган Глобалдык Сумуд флотилиясынын активисттери Грециянын Крит аралындагы портто автобуска отурууга даярданып жатышат. / Reuters

Түрк жетекчилер жума күнү Израиль тарабынан эл аралык сууларда кармалган "Глобалдык Сумуд" гуманитардык жардам флотилиясынын кемелеринде болгон түрк жарандары жана ар кандай улуттагы башка активисттердин бүгүн атайын рейс менен Түркияга келиши күтүлүп жатканын билдиришти.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели X эсебиндеги билдирүүсүндө: "Израиль күчтөрүнүн эл аралык сууларда "Глобалдык Сумуд" флотилиясына каршы мыйзамсыз кийлигишүүсүнүн натыйжасында кармалган жарандарыбыз жана башка катышуучулар Критте кургактыкка чыгарылды", - деп айтылды.

Кечели: "Афинадагы элчибиз жана консулдук кызматкерлери Критте. Жарандарыбыздын жана айрым чет элдик катышуучулардын бүгүн чартердик рейс менен Түркияга алынып келиниши күтүлүүдө",- деп кошумчалады.

"Глобалдык Сумуд" флотилиясы өкмөттөрдү Израилге Газадагы миссиясынан кармалгандарды бошотуу үчүн кысым көрсөтүүгө чакырды жана эки активисттин азыр да камакта экенин билдирди.

Топ басма сөз билдирүүсүндө кармалган катышуучулардын көпчүлүгү Критте бошотулганын, бирок Тиаго жана Саиф аттуу эки кишинин азыр да камакта экенин билдирди.

Флотилия: «Биз бардык өкмөттөрдөн мыйзамсыз түрдө кармалган ар бир адамды бошотуу үчүн Израиль режимине колунан келген бардык кысымды көрсөтүүнү талап кылабыз», — деп билдирди.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги бейшемби күнү эл аралык сууларда Газага бара жаткан 20дан ашык кемени конфискациялагандан кийин 175 активистти кармаганын жарыялады.

Газага гуманитардык жардам алып бараткан флотилия Израилдин блокадасын бузууну жана деңиз аркылуу гуманитардык коридор ачууну максат кылууда.

Бул миссия 2025-жылдын сентябрындагы "Глобалдык Сумуд" флотилиясынын биирнчи демилгесинен кийинки экинчи демилге. Биринчи демилге да Израилдин эл аралык суулардагы кийлигишүүсү жана жүздөгөн эл аралык активисттердин кармалышы менен аяктаган.

Израил 2023-жылдын октябрь айында Газага каршы геноциддик согушун баштаган. Бул согушта 72 миңден ашуун палестиналык каза болду, алардын көбү аялдар жана балдар. Аймактагы инфраструктуранын болжол менен 90 пайызы талкаланды. Бириккен Улуттар Уюму кайра куруу иштеринин баасы болжол менен 70 миллиард долларды түзөрүн болжолдоодо.

Израиль Газага 2007-жылдан бери блокада киргизүүдө.

Иликте
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди
Гутерриш пакистандык лидерлер менен жолугушту:  Кашмир, аймактык тынчтык жана суу маселеси каралды
Пакистан армиясы Сауд Арабиясына аскерлерин жайгаштырганын ырастады
Газадагы геноциддин үчүнчү жылы: Израиль маанилүү инфраструктураны кантип талкалады?
Иранга каршы согуш мунай ташуу жолдорун бузуп, Ирак динарынын курсун түшүрдү
АКШ аскерлери Окинавада чектөөлөргө туш болушту
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты