ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Мелания Трамп тарыхта биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынына төрайымдык кылат
АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп алып жатканда АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп 2-мартта өтө турган "Кагылышуу аймактарындагы балдар, технология жана билим берүү" сессиясына төрайымдык кылат.
Мелания Трамп тарыхта биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынына төрайымдык кылат
ФАЙЛ: АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп 2026-жылдын 21-февралында Вашингтондогу Ак үйдө Трамп уюштурган губернаторлор кечки тамагына катышты. / Reuters

Американын маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, АКШнын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кезтешкен башкаруучулугун өткөрүп алышы менен бирге АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп келерки айда кеңештин жыйынына төрайымдык кылууга даярданууда.

CNN телеканалынын шаршемби күнкү кабарына ылайык, 2-мартта Нью-Йорктогу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин штаб-квартирасында пландалган жыйын кеңештин мүчөлөрүн жана АКШнын БУУдагы элчиси Майк Уолтц, эл аралык кызыкдар тараптарды чогултуп, "Кагылышуу аймактарындагы балдар, технология жана билим берүү" маселесине басым жасайт.

Биринчи айымдын кеңсесинен жасалган билдирүүдө жыйындын максаты «чыдамкайлыкты (толеранттуулукту) жана дүйнө тынчтыгын өнүктүрүүдө билим берүүнүн ролун баса белгилөө» экендиги белгиленип: «Мүчөлөр билим берүү, технология, тынчтык жана коопсуздук маселелерин талкуулап жатканда, айым Трамптын лидерлиги — кызматтагы АКШнын биринчи айымынын Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылган алгачкы учур болот», — деп айтылды.

Бул демилге Мелания Трамптын акыркы учурда орус-украин согушунан жабыркаган балдар үчүн жүргүзүп жаткан жана согуш учурунда үй-бүлөсүнөн ажыраган балдарды кайра бириктирүү аракеттерине дал келет.

Президент Дональд Трамптын экинчи мөөнөтүндө колдоого алган ишинин алкагында, жакында эле бир нече украиналык баланын жана бир россиялык баланын үй-бүлөлөрүнө кайтарылганы жарыяланган.

Иликте
Европа инвестициялык банкынан Түркиянын жашыл трансформациясына 200 миллион евро каражат бөлүнөт
Ооганстан: "Пакистандын аба соккуларынан кеминде 13 адам каза болду"
2025-жылы мамлекеттер аралык жаңжалдар ​​Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң жогорку деңгээлге жетти
Украинанын президенти Зеленский Европанын сүйлөшүүлөргө катышуусу керектигин билдирди
Тышкы иштер министри SEEP саммитине президент Эрдогандын атынан катышат
Ок атышууну токтотууга карабастан Израиль Газага дээрлик күн сайын кол салып жатат
Анталияда жаа атуу боюнча дүйнө кубогунун үчүнчү этабы башталды
Түркия менен Канада эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү башташат
Иран: Ормуздан Баб эль-Мандебге чейинки линия каршылык көрсөтүүнүн жаңы коопсуздук багыты болот
Россия: "Палестиналыктар Чыгыш Кудс борбору болгон көз карандысыз мамлекетке ээ болушу керек"
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Кытай менен Түндүк Корея мамилелерди чыңдоону чечишти
Украинанын Харьков шаарында Орусиянын чабуулдарынан төрт адам каза болду
Стамбул декларациясында кызматташтык жөнүндө билдирүү алдыңкы орунда турат
АКШнын Apache тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү