ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Өлкөнүн Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Вьетнамдагы быйылкы табигый кырсыктар 400дөн ашык адамдын өлүмүнө же дайынсыз жоголушуна алып келип 3,6 миллиард доллардан ашык зыян келтирди.
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Вьетнамдагы сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү / Reuters

Бийлик өлкө тарыхындагы "эң адаттан тыш" табигый кырсык жылы деп атагандан тышкары, мамлекеттик маалымат каражаттары жума күнү Вьетнамдагы катуу жаан-чачындардын кесепетинен келип чыккан сел кеминде эки адамдын өмүрүн алып, ондон ашык жер көчкүгө себеп болгонун билдиришти.

Вьетнамдын түштүк-борбордук бөлүгүндө бир нече жумага созулган нөшөрлөгөн жаан-чачындын айынан популярдуу жээктеги туристтик жайларда жүз миңдеген үйлөрдү суу каптап, тоолуу аймактарда өлүмгө алып келген жер көчкүлөрдү шарттады.

Voice of Vietnam маалымат агенттиги билдиргендей, бейшемби күнү Лам Донг провинциясында катуу жааган жамгырдын себебинен миңдеген үйлөрдү суу каптап, кеминде эки адам каза тапты.

Кабарда ошондой эле провинцияда 16 жер көчкү жүрүп, жолдор жана көпүрөлөр зыян тартканы, жүздөгөн үйлөр эвакуацияланганы белгиленди.

Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин Метеорология жана гидрология департаментинин директорунун орун басары Хоанг Дук Куонг жума күнү: "2025-жыл тарыхтагы эң өзгөчө табигый кырсыктардын жылы болду", - деди.

Министрликтин маалыматына караганда, быйыл 15 тайфун жана алты тропикалык бороон менен катар жалпысынан 21 бороон-чапкын Вьетнамга таасир этти, бул 1961-жылы эсепке алуу башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Вьетнам дүйнөдөгү эң активдүү тропикалык циклон зоналарынын биринде жайгашкан, бирок адатта бир жылда 10го жакын тайфун же бороон-чапкындан жабыркайт.

Өлкөдө быйыл катуу жаан-чачын жана кеңири жайылган суу ташкындары да болду, дарыяларда түндүк аймактардан борбордук аймакка жана Меконг дельтасына чейин жаңы жогорку суу рекорддору катталды.

Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги: "Мурда бир жылда 20 дарыяда бир убакта мындай өзгөчө жана тарыхый суу ташкындары болгон эмес", - деп билдирди.

Вьетнамдын борбордук бөлүгүндөгү бир аймакта 24 сааттын ичинде 1739 миллиметрге чейин жаан-чачын катталды.

Түштүк-Чыгыш Азия өлкөсүндө июнь жана сентябрь айларынын ортосунда катуу жаан жаайт, бирок окумуштуулар климаттык кризис экстремалдык аба ырайынын кубулуштарын тез-тез жана кыйратуучу кылып жатканын аныкташты.

Иликте
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти