ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Кытай заманбап өнөр жай системасын куруу боюнча беш жылдык өнүктүрүү планын жарыялады
Кытай Коммунисттик партиясынын (ККП) лидерлеринин төрт күндүк жабык жыйынында келерки жылдын март айында баштала турган 15-беш жылдык өнүгүү планынын артыкчылыктары белгиленди.
Кытай заманбап өнөр жай системасын куруу боюнча беш жылдык өнүктүрүү планын жарыялады
Кытай заманбап өнөр жай системасын куруу боюнча беш жылдык өнүктүрүү планын жарыялады / Reuters

Кытай Коммунисттик партиясынын (ККП) жогорку кызматтагы өкүлдөрү бейшемби күнү заманбап өнөр жай системасын куруу жана технологиялык жактан өзүн-өзү камсыздоого жетүү боюнча күч-аракеттерди күчөтүүгө убада беришти. Бул кадамдар Кытайдын АКШ менен барган сайын күчөп бараткан глобалдык атаандаштыгындагы Азия өлкөсүнүн позициясын бекемдөө үчүн абдан маанилүү болуп эсептелет.

Партиянын Борбордук комитети ички суроо-талапты жогорулатуу жана коомдук жыргалчылыкты жакшыртуу боюнча күч-аракеттерди жасоого убада берди. Акыркы жылдары Кытай өндүрүшкө жана инвестицияга артыкчылык бергендиктен, бул узак мөөнөттүү максаттар көбүнчө четке кагылды.

Вашингтон менен соода чыңалуулары күчөгөндүкктөн, Кытай экономикасынын экспортко катуу көз карандылыгы Пекинди алдыдагы жылдары дагы жакшы саясий тең салмактуулукту табууга түртүшү мүмкүн. Бирок, эксперттер бул аракеттердин жай жүрүп жатканын божомолдошууда.

Синхуа мамлекеттик маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, партия лидерлери тарабынан төрт күндүк жабык жыйындардан (пленумдардан) кийин жарыяланган билдирүүдө Кытайдын 15-беш жылдык өнүгүү планынын артыкчылыктары белгиленди. Бул пландын толук тексти март айындагы парламенттик сессияда жарыяланат.

Синьхуадан алынган маалыматта :«Өлкө стратегиялык мүмкүнчүлүктөр тобокелдиктер жана кыйынчылыктар менен бирге боло турган, белгисиз жана күтүүсүз факторлор көбөйө турган мезгилге (2026-2030) кирет. Биз өндүрүш тармагынын ылайыктуу катнашын сактап, өнүккөн өндүрүштү өзүнүн негизи катары кабыл алган заманбап өнөр жай системасын курушубуз керек», - деп айтылат.

Билдирүүдө Пекиндин коомдук жыргалчылыкты жана социалдык камсыздоо системасын жакшыртууга аракет кылары белгиленди. Бирок, бул максаттарга кантип жетишилери же каражаттар кайдан алынары тууралуу маалымат берилген эмес.

Мындай саясаттардын убактысы, ылдамдыгы, каржылоо булактары жана көлөмү боюнча белгисиздик экономисттер менен инвесторлорду Кытай өкмөтүнүн экономикасын кайра тең салмактоого жөндөмдүүлүгү тууралуу тынчсыздандырышы мүмкүн. Учурда үй чарбаларынын керектөөсү дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн ИДПнын 20 пайыздык пунктуна артта калууда.

Иликте
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"