ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Тынч океанда үч ай бою агым менен сүзүп жүргөн беш адам куткарылды, төртөө дайынсыз болууда
Микронезияда кыска деңиз сапарына чыгып, кайыгы дайынсыз жоголгон беш адам, алардын арасында эки бала да бар, Кирибатиге караштуу Фаннинг аралынын жээгинде жергиликтүү тургундар тарабынан куткарылды.
Тынч океанда үч ай бою агым менен сүзүп жүргөн беш адам куткарылды, төртөө дайынсыз болууда
Тынч океандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Кирибати аралы.

Расмий өкүлдөрдүн маалыматына караганда, ушул аптада Тынч океандын түштүк бөлүгүндөгү Кирибати аралынын жээгинде үч ай бою узундугу 6 метрлик чакан кайыкта сүзүп жүргөн беш адам, анын ичинде эки бала куткарылды. Дагы төрт адам дайынсыз болууда.

Австралиянын телерадиоберүү корпорациясынын (ABC) маалыматына ылайык, Микронезия Федеративдик Штаттарынан чыгышты көздөй болжол менен 5 400 чакырым сүзүп кеткен адамдар тобун жекшемби күнү Кирибатиге караштуу Фаннинг аралынын жанындагы жергиликтүү тургундар куткарышкан.

Гуамдагы АКШнын Жээк күзөт кызматы шейшемби күнү тогуз адамды ташыган кайык Микронезиядагы Руо аралына кайтып келбей, 30-июлда дайынсыз жоголгонун ырастады.

Билдирүүдө белгиленгендей, 85 700 чарчы чакырым аянтты камтыган 10 күндүк издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон кайык жана анын жүргүнчүлөрү табылган эмес.

АКШнын Жээк күзөт кызматы Associated Press (AP) агенттигине электрондук кат аркылуу: «Бул беш адамдын табылып, учурда коопсуз жерде экени укмуштуудай жана кубанычтуу жаңылык», — деп билдирди.

Ал эми AP агенттигинин дайынсыз жоголгон калган төрт адамдын кайда экени тууралуу суроосуна АКШнын Жээк күзөт кызматы азырынча жооп бере элек.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады