ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган : "Кимде ким Газадагы геноцидге унчукпаса шериктеш болгон болот"
Режеп Таййип Эрдоган IDEF коргонуу көргөзмөсүндө Түркиянын Израилдин Газа элине каршы нацисттерди артта калтырган геноцидин бүткүл адамзаттын көңүл чордонунда кармоону улантарын билдирди.
Эрдоган : "Кимде ким Газадагы геноцидге унчукпаса шериктеш болгон болот"
/ AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган шейшемби күнү Газадагы геноцидге унчукпагандардын баарынын "адамзатка каршы кылмыштарга шериктеш" экендигин айтты.

Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда өткөн Эл аралык коргонуу өнөр жайы жарманкесинин (IDEF) ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Израилдин Газа элине карата нацисттерден ашып өткөн геноцидин бүткүл адамзаттын көңүл чордонунда кармоону уланта турганын билдирди.

"Максатыбыз мүмкүн болушунча тезирээк ок атышууну токтотуу. Газага гуманитардык жардамдын кирүүсүнө уруксат берүү башка бир артыкчылыктуу маселе. Газада гуманитардык жардам материалдарынын киришине уруксат берилбегендиктен ачкачылыктан азап тарткан балдар бизди тынчсыздандырууда”,- деди Эрдоган.

“Күн сайын бейкүнөө адам бир тиштем нанга, бир ууртам сууга жетпей каза болуп жаткан мындай ырайымсыздыкты адамдык намысы бар киши кабыл ала албайт. Ачкачылыктан массалык өлүм башталган бул кара күндө бүткүл эл аралык коомчулукту адамкерчилик майданында биригүүгө чакырам”,- деп кошумчалады.

Түркиянын коргонуу өнөр жайы тууралуу сөз кылган Эрдоган өлкөнүн "эмбарголорду, кош стандарттарды жана дипломатиялык кысымдарды" жеңип, дүйнөлүк рынокто өзүнүн коргонуу өнөр жайы менен глобалдык күчкө айланганын айтты.

Эрдоган : "Коргонуу өнөр жайыбыздагы жергиликтүү өндүрүштүн деңгээли бүгүн 80%дан ашты," – деди.

Шейшемби күнү башталган алты күндүк иш-чара президенттиктин колдоосу менен Улуттук коргоо министрлиги, Коргонуу өнөр жайынын катчылыгы жана Куралдуу күчтөр фонду тарабынан уюштурулууда.

Бул жылы 17 - өткөрүлгөн жарманке Стамбулдагы Жарманке борборунда, Ататүрк аэропортунда, Wow мейманканасында жана Атакөй маринасында бир убакта өткөрүлүүдө.

Көргөзмөдө брондолгон согуштук унаалар, тактикалык брондолгон унаалар, айдоочусуз кургактык, учкучсуз аба жана капитансыз деңиз унаалары, курал системалары, ракеталар, узак аралыкка атуучу танкка каршы ракеталык системалар, жөө аскер куралдары, аскердик симуляторлор, электрондук согуш чечимдери, күч топтору жана жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу жабдуулары көрсөтүлүүдө.

Жарманкеге көп сандаган адамдын келиши күтүлүүдө, көптөгөн келишимдерге кол коюу аземдери да өткөрүлөт.

мындан мурунку жарманке 2023-жылдын июль айында Стамбулда өткөн.

Иликте
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты