ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Масуд Пезешкиан: Иран ашыкча талаптарга баш ийбейт
Иран президентинин билдирүүлөрү өлкө 1979-жылдагы ислам революциясынын 47 жылдыгын белгилеп жаткан учурда жасалды.
Масуд Пезешкиан: Иран ашыкча талаптарга баш ийбейт
Ал Ирандын Ислам революциясынын 47 жылдыгын белгилөө үчүн борбор Тегерандагы Азади аянтында сөз сүйлөдү. / AFP

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тегеран Америка Кошмо Штаттары менен сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштагандан кийин, өлкөсүнүн атомдук программасына байланыштуу «ашыкча талаптарга моюн сунбай турганын» билдирди.

Шаршемби күнү ошондой эле Иран өзүнүн ядролук программасы боюнча «бардык текшерүүлөргө» даяр экенин айтып, атом бомбасына ээ болууну көздөбөгөндүгүн ортого салды.

Иран менен АКШ өткөн жылдын июнь айында Израиль менен болгон жана АКШ Ирандагы өзөктүк объекттерге сокку урган согуштан кийин, өткөн аптада биринчи жолу сүйлөшүүлөрдү кайрадан башташты.

Пезешкиан: «Иран агрессиянын алдында моюн сунбайт; бирок аймакта тынчтыктын жана бейпилдиктин орношу үчүн кошуна өлкөлөр менен болгон күчүбүз менен диалогду улантып жатабыз», — деди.

Борбор шаар Тегерандагы Азади аянтында 1979-жылдагы Ислам революциясынын 47 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада сөз сүйлөгөн Ирандын президенти Масуд Пезешкиан: «Өлкөбүз Иран алардын ашыкча талаптарына моюн сунбайт», — деген пикирин билдирди.

Иран сүйлөшүүлөрдүн атомдук программа менен гана чектелишин кааласа, АКШ болсо Ирандын баллистикалык ракета программасын жана аймактагы кээ бир топторго берген колдоосун да күн тартибине киргизүүнү талап кылууда.

Иран атомдук программасынын тынчтык максатында экендигин жактап келет; бирок АКШ жана өнөктөшү Израиль Тегерандын атомдук куралга ээ болууга аракет кылып жаткандыгын айтууда.

Жыл сайын Иран башкаруусунун колдоочулары 1979-жылы АКШ колдогон шахтын кулатылышы менен жыйынтыкталган төңкөрүштү массалык иш - чаралар менен эскеришет.

Шаршемби күнү Азади аянтында коопсуздук чаралары мурунку жылдарга салыштырмалуу катуу экендиги байкалды.

Өткөн айда Иранда өлкө боюнча нааразычылык толкуну болуп, демонстрациялар күч менен бастырылган жана АКШ демонстранттарды колдоо максатында аскердик кадамдар менен коркуткан.

Иликте
ЦРУ Израилдеги ички чыр-чатактардын коркунучу тереңдеп баратканын эскертти
АКШ Армиясы «Форт-Худ» чабуулчусун атуу  ыкмасы менен өлүм жазасына тартат
Израилдин геноциддик коргоо министри Кац Газада аскерлерге даярдыктарды күчөтүү боюнча буйрук берди
Непалдагы өлүмгө алып келген сел апаатынан кийин 5200дөн ашык адам дагы деле дайынсыз
Ирандан "АКШ менен сүйлөшүүнүн эч кандай мааниси жок" деген билдирүү жасалды
Түркия, Пакистан жана Сауд Арабиясы Мекке келишими боюнча өнөктөштүгүн активдештиришти
АКШ конгрессмени Уилсон: Мекке коргонуу альянсы Жакынкы Чыгыштын НАТОсуна айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ
Марко Рубио: "АКШ Россиядагы шектүү чума учурун байкап жатат"
Гутерриш Газада туруктуу тынчтык орнотууга чакырды
Москвага карата 650 дрондук чабуул өлкөнүн эки жыл ичинде дуушар болгон экинчи ири чабуулу болду
Песков: "Украина бул аракеттеринин кесепетин тартат"
Болгарияда бир нече мекемеге бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүлөр келди
Актриса Анжелина Жоли геноцидчи Израилдин Газадагы кыйратуусунун сүрөттөрүн бөлүштү
Германиянын канцлери Мерц Украинага барды
Орусия дипломаттарды жана чет элдик жарандарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Эболадан каза болгондордун саны 4000ден ашты
Израиль Газада бир турак жайды атты жана  беш киши каза болду
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"