ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Баскынчы израилдик аскерлер бул ирет Марьям эненин айкелине акаарат кылышты
Израилдик аскерлердин Ливандын түштүгүндө христиандар жашаган аймактагы Марьям эненин айкелине акаарат кылышы сынга кабылды.
Баскынчы израилдик аскерлер бул ирет Марьям эненин айкелине акаарат кылышты
Израилдик аскер Ливандын түштүгүндөгү айылда Мария эненин айкелинин оозуна тамеки кыпчып жатат. / Reuters

Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN Ливандын түштүгүндөгү христиан айылы Дебелде Марьям эненин айкелинин оозуна тамеки кыпчып жаткан израилдик аскерлердин сүрөтүн тастыктады.

Дебел айылында тартылган деп аныкталган сүрөттө бир аскер айкелдин оозуна тамеки коюп жатканда, башка аскерлер ошол учурду сүрөткө тартып социалдык медиада бөлүшүп жатканы көрсөтүлдү.

Кабарда Израилдин штаб башчысы Эял Замир жоокерлердин христиан диний символдоруна карата аракеттерин "туура эмес жүрүм-турум жана армиянын баалуулуктарынан четтөө" деп мүнөздөгөнү айтылды.

Израиль армиясы "окуя иликтенип жатат жана жыйынтыктарга ылайык зарыл чаралар көрүлөт" деп билдирди.

Иса Машаяктын айкелине кол салуу нааразычылыкты жараткан

19-апрелде Израилдин түштүгүндө Израиль басып алган Дейр Серян шаарында израилдик жоокер Иса Машаяктын айкелин балка менен талкалаган.

Израиль армиясы окуянын сүрөтүнүн аныктыгын моюнга алып, иликтөө жүргүзө баштаганын жарыялаган.

Аскерлердин диний символго каршы аракеттери христиан дүйнөсүнүн кеңири сынына кабылган.

Бул боюнча Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху окуя үчүн кечирим сурады жана айкелди талкалап, сүрөткө тарткан эки жоокер согуштук милдеттен алынып, 30 күндүк аскердик камакка алынганы жарыяланган.

Иса Машаяктын айкелине кол салуудан кийин Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар дипломат Жорж Дикти христиан дүйнөсү боюнча атайын өкүл кылып дайындаган.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти