САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Трамп Газа боюнча Эл аралык коопсуздук күчү "жакында" түзүлөрүн айтты
Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлери менен Ак үйдө өткөргөн иш-чарада сөз сүйлөгөн АКШнын президенти Дональд Трамп: "Газага карата аракеттер абдан жакшы жүрүп жатат", - деди.
Трамп Газа боюнча Эл аралык коопсуздук күчү "жакында" түзүлөрүн айтты
Трамп Газа боюнча эл аралык коопсуздук күчү "жакында" түзүлөрүн айтты / AP

АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин Газага каршы эки жылдык согушунан кийин АКШ координациялаган Эл аралык коопсуздук күчүнүн "жакында" Газага жайгаштырышы күтүлүп жатканын билдирди.

Бейшемби күнү кечинде Ак үйдө Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлери менен өткөрүлгөн иш-чарада Трамп Газага жайгаштырылышы күтүлгөн көп улуттуу кызмат күчүнө шилтеме кылып: "Бул жакында ишке ашат. Газага карата аракеттер абдан жакшы жүрүп жатат", - деди.

АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешине Трамптын 20 пункттан турган Газа тынчтык планына колдоо көрсөтүү максатында резолюция долбоорун сунуштады. Бул резолюция Эл аралык коопсуздук күчүн түзүүгө уруксат берүүнү камтыйт. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы өкүлчүлүгү шаршемби күнү билдирди.

АКШ өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы, АКШнын элчиси Майк Уолтцтун долбоорду Коопсуздук Кеңешинин шайланган 10 мүчөсүнө жана Түркия, Египет, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабия сыяктуу бир нече аймактык өнөктөштөргө жөнөткөнүн айтты.

Резолюция боюнча добуш берүү күнү азырынча белгилене элек.

"Натыйжаларга жетүү"

АКШнын билдирүүсүндө резолюция "тынчтык планында көрсөтүлгөн Эл аралык коопсуздук күчүн" түзүүгө уруксат берери айтылган. Дипломатиялык булактардын маалыматына караганда, бир нече өлкө Эл аралык коопсуздук күчүнө кошулууга даяр экенин билдиришти, бирок аскерлерди жайгаштыруудан мурун Коопсуздук Кеңешинин токтом чыгарышын талап кылышууда.

АКШнын өкүлү "Президент Трамптын чечкиндүү лидерлиги менен АКШ БУУда чексиз талаш-тартыштарды эмес, кайрадан натыйжаларга жетишет", - деди.

Эл аралык күчтөрдү түзүү 10-октябрда Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишиминин негизги элементи болуп саналат.

Келишимге ылайык, аскерлер негизинен араб жана мусулман өлкөлөрүнөн тандалып, Израиль армиясы чыгып кеткенден кийин Газадагы коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн жайгаштырылмакчы.

Газа боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканда Израиль күчтөрү бейшемби күнү эртең менен Батыш Жээктеги Женин шаарынын батышындагы Аль-Ямун шаарчасына аскердик чабуул жасап, 15 жаштагы палестиналык баланы набыт кылышты.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти