САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Румыниянын Марсел Чолаку премьер-министрлик кызматынан кетти
Шейшемби күнү убактылуу премьер - министр дайындалат.
00:00
Румыниянын Марсел Чолаку премьер-министрлик кызматынан кетти
/ Reuters

Румыниянын премьер-министри Марчел Чолаку дем алыш күнү өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында ашынган оңчул талапкер Жорж Симиондун утуп чыгышы менен өзү колдогон талапкердин жарыштан четтетилишине байланыштуу дүйшөмбү күнү кызматтан кетти.Убактылуу президент Илие Боложан Чолакунун отставкасын кабыл алганын билдирди. Анын кеңсеси шейшемби күнү убактылуу премьер-министр дайындала турганын кошумчалады.

Убактылуу президент Илие Боложандын кеңсесинен берилген маалыматта Боложандын Чиолакунун арызын кабыл алгандыгы жана шейшемби күнү убактылуу премьер  - министрдин дайындалары жарыяланды.

Жергиликтүү Antena3 телеканалынын билдиргенине караганда Румыниянын социалдык демократ партиясынын (PSD)  саясий кеңеш жыйынынан кийин партиянын лидери болуп шайланган Чолаку коалиция өкмөтү колдогон талапкер Грин Антонескунун утулушу менен кызматтан кетүү чечимин чыгарды.

Жыйынтыктардын өкмөттүн ишенимин жоготкондугун айткан Чолаку : «Келе турган президенттин мени кызматтан алышын күтүүнүн ордуна өзүм отставкага кетүүгө чечим чыгардым»,- деди.

Ал ошондой эле Румыниянын социалдык демократ партиясынын 18-майда боло турган шайлоонун экинчи айлампасында эч кандай талапкер көрсөтпөй тургандыгын билдирди.

Симион биринчи турда 40,9 пайыздан ашык добушка ээ болуп, жеңишке жетти. 38 жаштагы Симион ашынган улутчул жана Европа Биримдигине каршы көз караштарын чагылдырган талаштуу билдирүүлөрү менен белгилүү.

Симион  шайлоодо  21 пайызга жакын добушка ээ болуп экинчи орунду алган Бухаресттин мэри Никусор Дан менен 18 -  майда беттешет.

24 -  ноябрда Румынияда болгон президенттик шайлоонун биринчи турунда ашыкча оңчул жана Россия колдогон талапкер Калин Жоржеску утуп чыккан. Бирок Румыниянын Конституциялык соту шайлоо процесси Россиянын колдоосу менен Жоржескунун пайдасына бурмалангандыгын белгилеп жыйынтыктарды жана 8 - декабрга пландалган экинчи турду жокко чыгарды.

 

 

 

 

Иликте
Кытайдын Сычуань провинциясында үйдүн дубалы кулап, беш адам каза болду
Иран парламентинин төрагасы Калибаф Иракка сапарын Сүлейманинин эстелигин зыярат кылуу менен баштады
Индиянын Батыш Бенгалия штатындагы мейманканадагы өрттөн тогуз адам каза болду
Британияда сальмонеллез оорусунан 1 адам каза болуп, 207 учур катталды
Катар Газадагы ок атышууну токтотуу келишиминин толук аткарылышы үчүн кысымын күчөтүүдө
БУУ Газанын  2025 -  жылы да гуманитардык жардам кызматкерилери каза болгон аймак болгонун билдирди
Сирияда газ жеткирген газ түтүгүндө жарылуу болду
Лавров Россия менен Түндүк Кореянын жаңы көп полюстуу дүйнөлүк тартипти издеп жатканын айтты
Түркия 2026–2030-жылдарда глобалдык ЖИ борбору болуу максатындагы жол картасын жарыялады
Австралия менен Япониянын коргоо министрлери терең аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөштү
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Украина Орусиянын чабуулдарына каршы бир нече жумадан бери Patriot ракеталарын колдоно албай жатат
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"