ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Европа менен Иран ядролук сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу үчүн кайрадан Стамбулда жолугушууда
Сүйлөшүүлөрдүн чордонунда 2015-жылы алынып салынган санкцияларды кайра киргизүү ыктымалдыгы жана Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу маселелер турат.
Европа  менен Иран   ядролук сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу үчүн кайрадан Стамбулда жолугушууда
/ Reuters
26 Июль 2025

Иран жана Европа дипломаттары жума күнү Стамбулда жолугушуп, Тегерандын ядролук программасы боюнча туңгуюктан чыгуу үчүн акыркы аракеттерди баштоону көздөшүүдө.

Англия, Франция жана Германиядан турган E3 өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Ирандын июнь айында Израил менен болгон жана АКШнын бомбалоочу учактары өзөктүк объектилерге сокку урган 12 күндүк согуштан кийин биринчи жолу Ирандын консулдук имаратында жолугушат.

Сүйлөшүүлөрдүн сезимталдуулугуна байланыштуу атын атагысы келбеген европалык дипломат, санкциялардын автоматтык түрдө кайтып келишин камсыз кылган "snapback" механизми "столдо экендигин" айтты."

Ошол эле дипломат: "Иранга ишенимдүү дипломатиялык мамилени көрсөтүп, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен толук кызматташууга кайтып келүү жана анын байытылган уран запасы боюнча тынчсызданууларды жоюу шарты менен артка кайтарууну кийинкиге жылдыруу сунушталды",- деди.

Европалык лидерлер Ирандын өзөктүк программасын чектөөдө жылыш болбосо, санкциялардын август айынын аягына чейин калыбына келтирилерин эскертишти.

Ошол эле учурда Тегеран президент Дональд Трамптын биринчи мөөнөтүндө 2015-жылкы келишимден чыккан АКШнын сүйлөшүүлөрдөгү ролуна ишенимди калыбына келтириши керектигин белгиледи.

Тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади Ирандын кошулушунун “бир нече фундаменталдык принциптерге, анын ичинде Ирандын ишенимин калыбына келтирүүгө” көз каранды, анткени “Ирандын АКШга ишенбей турганын" айтты.

Гарибабади бейшемби күнү социалдык тармактагы билдирүүсүндө сүйлөшүүлөрдүн "аскердик аракеттер сыяктуу жашыруун күн тартиби үчүн аянтча катары колдонулбашы керек" деп билдирди.

Ирандын расмий өкүлү уранды байытуу укугу “мыйзамдуу муктаждыктарына ылайык” сакталышын жана санкциялардын жоюлушун талап кылды.

АКШ менен Израилдин Иранга болгон чабуулдары

Иран санкциялар кайра киргизиле турган болсо, өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен (ӨКЖК) чыгарын бир нече жолу эскерткен.

Жума күнкү сүйлөшүүлөр министрдин орун басары деңгээлинде өтөт, Иран тараптан Тышкы иштер министринин орун басары Мажид Тахт-е Раванчи катышат.

Ушундай эле жолугушуу май айында Стамбулда өткөн.

E3 өкүлдөрүнүн ким экени азырынча белгисиз, бирок Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссарынын орун басарынын катышары күтүлүүдө.

2015-жылкы келишимге АКШ, Россия жана Кытай менен бирге Улуу Британия, Франция жана Германия кол койгон. АКШ 2018-жылы келишимден чыгып кеткен, анткени ал кездеги президент Трамп "келишим жетишерлик катаал эмес" эмес экендигин айткан. Баштапкы келишимге ылайык, Россия да, Кытай да санкцияларды калыбына келтирүүгө вето коё албайт.

Американын B-52 бомбалоочу учактары үч өзөктүк объектиге сокку урган Израил менен АКШнын чабуулдарынан кийин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Е3 өлкөлөрүн эки жүздүүлүк менен айыптап: "Израиль кол салууларына колдоо көрсөтүп, милдеттенмелерин аткара алган жок" ,-деп билдирди.

Иран Израилге ракеталык чабуулдар менен жооп берип, Катардагы АКШнын базасына сокку урган кагылышуу чөйрөсүндө алдыга карай багыт али белгисиз бойдон калууда.

Европалык жетекчилер мындан аркы чыр-чатактын алдын алууну каалагандарын жана сүйлөшүү жолу менен чечимге ачык экенин билдиришкен, бирок алар убакыттын тарайып баратканын эскертишүүдө.

Ирандын Атомдук энергия уюмунун (AEOI) басма сөз катчысы бейшемби күнү өлкөнүн өзөктүк өнөр жайы Израиль менен АКШнын акыркы чабуулдарынан кийин “кайрадан өнүгөрүн” айтты.

Иликте
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады
Вэнс: Пакистандагы Иран тууралуу сүйлөшүүлөрдө "чоң ийгиликтерге" жетишилди
Украина менен Россия Пасхадан кийин дрон чабуулдарын кайра баштады
Хакан Фидан: "Израилдин Түркияны жаңы душман катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз"
Европа Биримдиги Иран согушунан улам энергетикалык бааларды координациялоого чакырууда
Түштүк Корея менен Польша коргонуу жаатындагы байланыштарын тереңдетүүдө
Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганга чейин келишимге жетишүү алдында турган
Орусия менен Украинанын ортосунда Пасхага карата ок атышпоо аяктады
Израилдеги оппозиция Нетаньяхуну Иран согушундагы ийгиликсиздик үчүн сындап жатат
Түрк прокурору Нетаньяхуну жана дагы 34 адамды өмүр бою эркинен ажыратууну суранды
Ирандын мамлекеттик медиасы: АКШнын «акылга сыйбаган» талаптарынан улам сүйлөшүүлөр ишке ашкан жок
Вэнс: «Пакистандагы 21 сааттык узун сүйлөшүүлөр АКШ менен Иранды элдештире алган жок»
Эрдоган менен Макрон Иран, Ливан жана Газадагы ок атышууну токтотуу маселелерин талкуулашты
АКШнын чалгын кызматтары: Кытай Иранга абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү пландап жатат
АКШнын вице-президенти Вэнс АКШ-Ирандын маанилүү сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Пакистанга барды